ЖРТдан эң жогорку балл алган Акмарал кайсы окуу жайга тапшырганын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы Алтын сертификатты алуу учурунда
Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы Алтын сертификатты алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акмарал Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектепти аяктаган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы Бишкектеги "Ала-Тоо" эл аралык университетине тапшырды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстанга абитуриент өзү тастыктады.

Ал аталган окуу жайдын жаңы технологиялар факультетин тандап, келечекте IT адиси болууга максат койгонун айтат.

"Бүгүн барып документтеримди тапшырып келдим. Бюджеттик негизде окууга шарт түзүлдү", — деди Нурбек кызы.

ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: "Алтын тамгага" жетпей калып катуу намыстангам

Белгилей кетсек, Акмарал Нурбек кызы Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектепти аяктаган. ЖРТнын жыйынтыгы менен 229 балл алып сап башына чыккан.

Белгилей кетсек, Акмарал жана башка ЖРТдан жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөр бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун колунан алтын сертификат алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0