Медицина кызматкери. Архив

Медиктердин компенсациясына канча каражат кеткени айтылды

103
(жаңыланган 09:20 29.07.2020)
Өкмөт башчынын айтымында, коронавирус менен күрөшкөн медиктерге Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 51,8 миллион сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан 425,6 миллион сом төлөнүп берилген.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктерге айлык акысынан сырткары кошумча компенсациясына жалпы 477,4 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирген.

Өкмөт башчынын айтымында, коронавирус менен күрөшкөн медиктерге Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 51,8 миллион сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан 425,6 миллион сом төлөнүп берилген. Бул марттын этегинен тарта апрель, май, июнь айларында иштеген акыларына кеткен каражат.

COVID менен күрөшүүгө 3,3 млрд сом кетти. Акчанын кайда жумшалганы боюнча отчёт

"Медиктердин компенсациясына июль айында 234 миллион сом жумшалат", — деди Боронов.

Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, эпидемиологиялык кырдаалда ден соолугун тобокелге салып иштеген медиктерге төрт маянанын көлөмүнөн кем эмес компенсация төлөнөрү каралган. Ал эми кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан медицина кызматкерине ээлеп турган кызмат орду боюнча 10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

103
Белгилер:
каражат, оору, акы, компенсация, коронавирус, медик, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2318)
Тема боюнча
Акматова: медиктерге компенсация маселеси кайрадан каралат
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

31
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

31
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
Бишкектеги Кыргызфильм киностудиясын имараты. Архив

"Кыргызфильм" киностудиясына жаңы жетекчи дайындалды

71
(жаңыланган 15:24 22.10.2020)
Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Новый директор национальной киностудии Кыргызфильм имени Т. Океева Акжолтой Бекболотов
© Фото / пресс-служба МКИТ КР
Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

"Эмгек кодексинин 55-58-беренелерине жана өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №236 токтому менен бекитилген "КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө" жобонун 13-пунктуна ылайык, Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды",— деп жазылат маалыматта.

ЖК депутаттары Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып бекитти

Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

71
Белгилер:
дайындоо, жетекчи, кызмат, Кыргызфильм
Тема боюнча
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды
Киши шайлоо участогында. Архив

Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды

0
(жаңыланган 18:57 22.10.2020)
Жыйында баяндама жасаган Сулайманов депутаттардын бардык сунушу четке кагылып, түп нускасы гана калтырылганын билдирди. Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Аталган демилге кечээ, 21-октябрда, парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып, 84 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Жыйында баяндама жасаган Алтынбек Сулайманов депутаттардын бардык сунушу четке кагылып, түп нускасы гана калтырылганын билдирди. Анын арасына "шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен ишинен бошотуу" демилгеси да кирбей калды.

Сулайманов кийинчерээк аны өзүнчө мыйзам долбоору менен алып келерин белгиледи.

Мындан улам үч сунуш калтырылды. Алар төмөнкүлөр:

  • парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
  • босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
  • шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат.

Эми бул мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

0
Белгилер:
колдоо, өзгөртүүлөр, мыйзам, шайлоо, Алтынбек Сулайманов
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
ЖК комитети эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорун колдоду
Шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууну кайсы депутаттар демилгеледи. Тизме