Коронавирустан дагы 1 047 бейтап айыкты

© AFP / OLIVER BUNICОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкөнүн жети облусундагы инфекциялык ооруканалардын курулушу башталып, аларды бир же бир жарым айда бүткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 1 047 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй, Ысык-Көл облустарында.

  • Бишкек — 389;
  • Чүй облусу — 117;
  • Ош облусу — 95;
  • Талас облусу — 52;
  • Нарын облусу — 31;
  • Ысык-Көл облусу — 110;
  • Жалал-Абад облусу — 92;
  • Баткен облусу — 61;
  • Ош шаары — 100.

Өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 23 343кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0