Ысык-Көл биринчи орунга чыкты. Бир күндө 668 адамдан COVID аныкталды

© REUTERS / JOSE CABEZASКоронавируска анализ жасоо үчүн кан алып жаткан медицина кызматкери. Архив
Коронавируска анализ жасоо үчүн кан алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт вирус жуктургандардын саны акырындык менен азайганына карабастан, мурдагыдай эле иштерди улантуу талабын коюуда.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагы боюнча 668 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Алардын ичинен Бишкекте - 118, Ошто - 80, Чүй облусунда - 82, Ош облусунда - 50, Талас облусунда - 24, Нарын облусунда - 15, Ысык-Көл облусунда - 157, Жалал-Абад облусунда - 115, Баткен облусунда 27 киши вирус илештирип алган”, — деди Акматова.

Коронавирустан дагы 1 047 бейтап айыкты

Жуктургандардын арасынан 20 киши медицина кызматкерлери.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 34 512ге жетти. Анын ичинен 23 343 киши ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 347 кишинин өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0