Жалал-Абадда 15 жана 16 жаштагы эже-сиңди изделүүдө. Сүрөтү жана белгилери

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүӨспүрүм кыздар. Архив
Өспүрүм кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир туугандар 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө барабыз деп чыккан бойдон дайынсыз. Милиция бул кыздарды көрүп калгандар болсо кабарлап коюуну өтүндү.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Аук айылында жашаган 15 жана 16 жаштагы эже-сиңди изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз жоголгон Нурзада жана Нурзия
Жалал-Абадда 15 жана 16 жаштагы эже-сиңди изделүүдө. Сүрөтү жана белгилери - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз жоголгон Нурзада жана Нурзия

Ага ылайык, бир туугандар 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө барабыз деп чыккан бойдон дайынсыз.

"Учурда Нурзада жана Нурзиянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылат маалыматта.

Нурзада Сабырбекованын өзгөчө белгилери: бою 140-145 сантиметр, ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара, узун.

Кийген кийими: кызыл түстөгү көйнөк.

Нурзия Сабырбекованын өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, ак саргыл, чачы күрөң, кыска.

Кийген кийими: көк түстөгү көйнөк.

Милиция бул кыздарды көрүп калгандар болсо кабарлап коюуну өтүндү. Телефондор: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 0500 14 00 06, 0770 14 00 06.

Жаңылыктар түрмөгү
0