Боронов курула турган ооруканалардын сапаттуу болушун талап кылды

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов объектилердин капиталдык курулуш долбоорлору жаатында өткөрүлгөн кеңешме учурунда
Премьер-министр Кубатбек Боронов объектилердин капиталдык курулуш долбоорлору жаатында өткөрүлгөн кеңешме учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска каршы күрөшүү чараларынын алкагында 9 объектиде курулуш иштери жүрүүдө. Алар ыңгайлаштырылган оорукана жана бейтапканалар болот.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. COVID-19га каршы күрөшүүгө багытталып курулуп жаткан объектилерди сапаттуу жана өз учурунда бүткөрүү боюнча тармактык мамлекеттик органдарга катуу талап коём. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов объектилердин капиталдык курулуш долбоорлору жаатында өткөрүлгөн кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

COVID-19га каршы күрөшүү чараларынын алкагында 9 объектиде курулуш иштери жүрүүдө. Алар: Бишкек жана Ош шаарларында эки оорукананын курулушу, ошондой эле республиканын жети облусунда багыты өзгөртүлүп, бейтапканага ыңгайлаштыруу боюнча иштер.

Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

"Мен бардык курулуш иштери белгиленген мөөнөттө, бир айдын аралыгында,  аяктоосу зарыл экенин баса белгилегим келет. Тармактык мамлекеттик органдарга сапат жана өз учурунда бүткөрүү боюнча катуу талап коём. Мындан тышкары, Финансы министрлиги медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн жетиштүү деңгээлдеги каржылоону камсыз кылуусу шарт", — деди Боронов.

Жээнбеков Бишкектеги жаңы оорукананын курулушун баштап берди. Сүрөт

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 34 512ге жетти. Анын ичинен 23 343 киши ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 347 кишинин өмүрүн алды. Өткөн суткада 18 адам бул оорудан каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0