Бишкекте ачылган стационарларда 83 миң адамга жардам көрсөтүлдү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМедициналык кызматкер күндүзгү стационарда бейтап менен сүйлөшүп жатат. Архив
Медициналык кызматкер күндүзгү стационарда бейтап менен сүйлөшүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада абал оорлошуп, ооруканалар толуп калгандыктан 5-июлда күндүзгү стационарлар уюштурула баштаган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарлар 83 миң адамга медициналык жардам көрсөттү. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ күндүзгү стационарларга 1 753 шаар тургуну келип, анын 1 206сы дарыгердин көрсөтмөсүнө ылайык дарыланып, 534ү консультация алып кетсе, 13ү ооруканага жаткырылган. Ал эми 29-июлга караган түнү 268 адам кайрылган.

"Азыркы тапта дарылоо мекемесинин алдында кезек күткөндөр жок. Күндүзгү 13 стационарда 908 орун даярдалган. Ал эми түнкү үч стационар 265 орунга ылайыкташкан. Шаардыктардын жана бизнес коомчулугунун колдоосу менен керектүү жабдуулар орнотулуп, 176 кычкылтек концентратору жана пульсоксиметрлер алынды. Ошондой эле тегерек-четине 27 дарыкана коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги

Бул мекемелерге борбор калаадагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери жана ыктыярчылар тартылган. Күн сайын 260 медик иштеп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, Бишкекте абал оорлошуп, ооруканалар толуп калгандыктан 5-июлда күндүзгү стационарлар уюштурула баштаган. Алар спорт залдарда, кафелерде жана мейманканаларда ачылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0