Бишкектин коомдук транспортунда "Тулпар" төлөм системасынын иши жанданат

Жазылуу
Апрелде пандемиядан улам борбордо коомдук транспорт жүрбөй жаткандыгына байланыштуу "Тулпар" электрондук картасын берүү долбоору ишин убактылуу токтоткон болчу.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкектеги автобус жана троллейбус жүргүнчүлөрү колдоно турчу "Тулпар" электрондук картасы 10-августтан тарта ишин улантмакчы. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, апрель айында пандемиядан улам борбордо коомдук транспорт жүрбөй жаткандыгына байланыштуу "Тулпар" электрондук картасын берүү долбоору ишин убактылуу токтоткон болчу.

Бишкекте жаңы курулган жолдордун кемчилиги чыгып, кайра оңдолууда. Сүрөт

"Тулпар" кайрадан жандангандан тарта адистер айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн карта колдонуп жатканын текшерип, аны менен жүрүү жана колдонуу эрежесин эскертишет. Эгерде жол кирени накталай акча менен төлөгөндөр аныкталса, адистер айдоочуларга жана транспорттук компанияларга карата акт түзүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия белгилегендей, картаны колдонуу төлөм үчүн гана ыңгайлуу болбостон, адамдар менен байланыш азайып, санитардык эрежени сактоого да шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, Бишкекте 1-марттан тарта "Тулпар" электрондук төлөм системасы иштей баштаган. Тагыраагы, жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарга киргенде жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөп жаткан.

Карта үч түргө бөлүнөт. Кызыл карта пенсионерлерге, почта кызматкерлерине жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилет. Ал эми окуучулар жашыл түстөгү картаны алат. Жалпы жарандар үчүн көк түстөгү карта каралган.

Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

Көк картаны айдоочулардан, мобилдик операторлордун кеңсесинен же "Кыргыз почтасы" ишканасынын бөлүмдөрүнөн алууга болот. Ал эми кызыл карталар райондук акимиаттардан жана шаардык троллейбус башкармалыгынан берилет.

Коомдук транспорт маселелери боюнча төмөнкү номерлерге байланышууга болот.

  • Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруткалар) — 0550 143 637;
  • Бишкек жүргүнчүлөрүн ташуу ишканасы, ал автобустарды карайт — 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;
  • Бишкек троллейбус башкармалыгы — 0700 411 905;
  • Тулпар — 582000, электрондук почта: feedback@tulpar-card.kg
Жаңылыктар түрмөгү
0