Коронавирустан көз жумгандарга аза күтүү күнүнүн символикасы бекитилди

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРКоронавирустан жана ал козгогон пневмониядан каза болгондорду эскерүү күнүнүн расмий символикасы
Коронавирустан жана ал козгогон пневмониядан каза болгондорду эскерүү күнүнүн расмий символикасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук аза күтүү күнүндө маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөр токтотулат.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Өлкөдө коронавирустан жана ал козгогон пневмониядан каза болгондорду эскерүү күнүнүн расмий символикасы даярдалды. Бул тууралуу Маалымат, маданият жана туризм министрлиги билдирди.

Жалпы аза күтүү күнүн белгилөө боюнча тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Сүрөттөн сунулган эки колду, түндүктү жана отту көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, 30-июль — Улуттук аза күтүү күнүндө Кыргызстандын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт. Кыргызстандын маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөр токтотулат.

Жогорку соттун алгачкы төрагасы Качкынбай Бообеков дүйнө салды

2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы COVID-19 инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялаган.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 34 512ге жетти. Анын ичинен 23 343 киши ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 347 кишинин өмүрүн алды. Өткөн суткада 18 адам бул оорудан каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0