Акыркы суткада 631 адамдан COVID табылды

© AFP / HUGO BORGESМедициналык кызматкер кан үлгү менен
Медициналык кызматкер кан үлгү менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Учурда жергиликтүү медиктерге жардам берүүгө келген россиялык адистер жер-жерлерде иштеп жатат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 631 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Бишкекте 118, Ошто 89, Чүй облусунда 81, Ош облусунда 74, Талас облусунда 27, Нарын облусунда 13, Ысык-Көл облусунда 94, Жалал-Абад облусунда 85, Баткен облусунда 50 кишиден вирус чыкты”, — деди Акматова.

Коронавирусту дагы 1 131 киши жеңип, айыккандардын саны 24 474кө жетти 

Булардын 32си медицина кызматкерлери экени кошумчаланды.

Учурда Кыргызстан боюнча 9 321 бейтап стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 3 801 учур лабораториялык изилдөөлөр аркылуу тастыкталган. Калган 5 520 учур клиникалык белгилери аркылуу аныкталганы айтылды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 35 143кө жетти. Анын ичинен 24 474 киши ооруну жеңип, айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 1 364 кишинин өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0