Коронавирус ысык жана хлордуу сууда эмне болорун адистер айтып беришти

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүВаннадагы кран. Архив
Ваннадагы кран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роспотребнадзордун адистери коронавирустун чыдамкайлыгын аныктоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Адистер коронавирус сууда канча убакытта өлө турганын аныкташканын РИА Новости жазды.

Роспотребнадзордун билдиришинче, бөлмө температурасындагы суудагы коронавирустун дээрлик бардык бөлүкчөлөрү (90 пайызы) 24 сааттын ичинде, ал эми 99,9 пайызы 72 сааттын ичинде жок болот.

Адистер муну билүү үчүн суунун үлгүлөрүндө жаңы коронавирустун чыдамкайлыгын аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

Коронавирустан айыккандан кийин спорт менен машыкса болобу? Адистин кеңеши

"Вирус хлордуу жана деңиз суусунда көбөйбөй тургандыгы аныкталды, бирок ал жакта тура бериши мүмкүн. Жаңы коронавирустун активдешүү убактысы суунун температурасынан түздөн-түз көз каранды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда кайнак суу вирусту толугу менен өлтүрсө, хлордуу сууда анын жашоого жарамдуулугу жоголору белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0