Айдоочу ГБРдин автоунаасына жол бошотуп берүүгө милдеттүүбү? Эрежелер

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүКызматтык унаада. Архив
Кызматтык унаада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайсы автоунаалар атайын жана ыкчам кызматтын курамына кирет жана аларга кандай учурда айдоочу жол бошотуп берүүгө милдеттүү? Ушул жана башка суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп алды.

Жакында эле Бишкектеги күзөт агенттигине тиешелүү Ыкчам аракетке келчү тобунун (ГБР) кызматкерлери айдоочу кыздын автоунаасын атайын эле жөөлөп кеткен. Ага чейин калаада жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталып, ырчы Асел Кадырбекова жабыркаган. Анда да ырчынын автоунаасы менен катуу ылдамдыкта келе жаткан Ыкчам аракетке келчү топтун машинасы кагышкан.

Негизи Ыкчам аракетке келчү топ (ГБР) атайын кызматка киреби, аларга айдоочулар жол бошотуп берүүгө милдеттүүбү? Бул көпчүлүктү кызыктырган суроолор. Анткени аталган кызматтын унааларынын айдоочуларына нааразы болгон шаардыктар көп. Айтымдарында, алар жол эрежесин сактабай, авариялык абал жаратып, башкалардын өмүрүнө көп коркунуч келтиришет.

Айдоочулардын айткандарын эске алып, "Кыргызстандагы жол эрежеси" рубрикасынын алкагында бул ирет атайын жана ыкчам кызматтардын кайсы унааларына жол бошотуп берүү керектигин билдик.

"Аварийка" кайсы учурларда колдонулат? Айдоочу биле жүрчү эрежелер

Жол бошотууну суранган атайын сигналдарды кайсы автоунаалар колдоно алат?

  • Өкмөттүн 1999-жылы кабыл алынган № 610 токтомуна ылайык, жол бошотууну суранган атайын сигналдарды төмөнкү автолор гана колдоно алат:
  • Милиция;
  • Өрт өчүрүү кызматы;
  • Акча жана баалуу буюмдарды ташыган инкассация;
  • Авариялык кызматы;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам унаасы.

"Мына ушул ыкчам жана атайын кызматтардын унааларына гана айдоочулар жол бошотуп берүүгө милдеттүү" деп жазылган токтомдо.

Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) кызматтык автоунааларына да жол бошотуп берүү керекпи?

Токтомдо жазылгандай, күзөт агенттиктеринин көлүктөрүнө көк түстөгү күйүп-жанган жарыкты коюуга уруксат берилген эмес. Мындан улам Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлдөрү Ыкчам аракетке келчү топтун кызматтык унааларынын башындагы көк түстөгү күйүп-жанган жарыкты алдырышкан.

Кайгуул милициясы ГБРдин кызматтык автолору келе жатканда айдоочулар аларга жол бошотуп берүүгө милдеттүү эмес экенин эскертти.

"Акыркы жети ай аралыгында ГБРдин кызматтык унаасы катышкан жол кырсыгы жана жол эрежесин бузуу боюнча төрт факты катталган. Алардын баарына протокол түзүлүп, унаалар айып короого токтотулган", — деп айтылат маалыматта.

Этият болуңуз! Айдоочулар үчүн турак жай зонасында жүрүү эрежелери

Атайын жана ыкчам кызматтын автоунааларына кайсы учурда жол бошотуп берүү керек?

Жол эрежесинде жазылгандай, атайын жана ыкчам кызматтардын үстүндө көк түстөгү күйүп-жанган жарыгы бар (айрым учурда кызыл түстөгү жарыгын да жандырып алышат) автоунаалары кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда эрежелерден четтей алышат.

Жолдо башка айдоочулардан артыкчылык алыш үчүн алар күйүп-жанган жарыгына кошуп, үн чыгарган атайын сигналын да иштетиши керек. Бирок ошол эле учурда айдоочулар жол бошотуп бергенине көзү жеткенде гана артыкчылыгын пайдалана алышат.

"Көк же кызыл түстөгү күйүп-жанган жарыгы жана атайын үн чыгаруучу сигналы менен келе жаткан атайын кызматтын машиналарына гана айдоочулар жол бошотууга милдеттүү" деп жазылган эрежеде.

Тактап айтканда, атайын кызматтын унаасы көк түстөгү жарыгын да, атайын үн сигналын да иштетип келе жатса, анда айдоочу жол бошотуп бериши керек. Кокус үн чыгарган сигналын иштетпей эле жарыгын күйгүзүп келе жатса, анда транспорт ээлери жолун улантып кете берсе болот. 

Автоунааларды озуп өтүүдө эмнелерди эстен чыгарбоо керек? Эреже, кеңештер

Күрөң-сары, сары түстөгү күйүп-жанган жарык коюлган автоунаалар кандай артыкчылыкка ээ?

Күрөң-сары же сары түстөгү күйүп-жанган жарык адатта жолдо курулуш, оңдоо же тазалоо иштерин аткарып жаткан кызматтардын автоунааларында болот. Булар кызматтык милдетин аткарып жаткандыктан, айрым жол белгилери менен жол чийин боюнча талаптардан четтей алат. Ошол эле учурда алар кыймылдын коопсуздугун камсыз кылып, айдоочуларга тоскоолдук жаратпашы керек.

Күрөң-сары же сары түстөгү күйүп-жанган жарыктар коюлган автоунааларга кыймыл учурунда артыкчылык берилбейт. Бул түстөгү жарык болгону жолдо башка айдоочуларга эскертүү кызматын аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0