Ыктыярчылар "Коопсуз шаарды" токтотуп турууну суранууда. Бийликтин жообу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖолдогу камералар. Архив
Жолдогу камералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ыктыярчылар ар кандай кырдаалдар болуп жатканын айтып, пандемия аяктаганга чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун ишин токтотуп турууну суранган.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети "Коопсуз шаар" системасы боюнча ыктыярчылардын кайрылуусуна жооп берди.

Ведомстводон ыктыярчылар оорулууларды стационарларга жеткирүү маалында жол эрежелерин бузуп жатканын түшүнүү менен кабыл аларын билдиришти. Буга чейин ыктыярчылар ар кандай кырдаалдар болуп жатканын айтып, пандемия аяктаганга чейин долбоордун ишин токтотуп турууну суранган.

"Аварийка" кайсы учурларда колдонулат? Айдоочу биле жүрчү эрежелер

Комитеттен билдиришкендей, система иштей баштаган 2019-жылдын февраль айынан тарта видеокөзөмөл орнотулган аймактарда жол кырсыгы 72,2 пайызга төмөндөгөн. Ошондой эле бул система коомдук жайларга кылмыштуулукту алдын алууга жардам бергенин кошумчалашты.

"Учурда ыктыярчылар менен тыгыз иштеп, дары-дармек, медициналык жабдуу жана оорулууларды ташыган автоунаалардын номерлерин тактап жатабыз", — деп билдиришкен алар.

Ведомстводон эреженин бузулгандыгы боюнча акыркы чечимди инспектор кабыл аларын  жана ошол учурда такталып жаткан тизмедеги номерлер эске алынарын кошумча билдиришти.

Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги

"Эске сала кетсек, жакындарын оорукана жеткирүү же дары-дармек ташуу учурунда жол эрежесин бузууга туура келген жеке тараптар токтом чыккан соң аны жокко чыгаруу боюнча арыз менен кайрылса болот", — деп айтышкан аталган комитеттен.

Ал эми адистер бардык жагдайларды эске алуу менен мыйзам чегинде чечим чыгарып берери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0