Мэрия: шаардагы медиктер июлдун айлык акысын убагында алышат

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн вице-мэр Виктория Мозгачева шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери менен кеңешме өткөргөн.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте иштеп жаткан медицина кызматкерлерине июль айынын айлык акысы толугу менен төлөнүп берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн вице-мэр Виктория Мозгачева шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери менен кеңешме өткөргөн.

"Айлык толугу менен берилет. Ал үчүн керектүү документтер Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги башкармалыктарына жөнөтүлгөн. Бул айда саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 171,3 миллион сомду түздү. Ал эми коронавирус менен күрөшүп жаткандарга берилчү компенсациянын көлөмү 133, 9 миллион сом болду", — деп айтылат маалыматта.

Күздү утурлай. Өкмөт сасык тумоого каршы арбын вакцина сатып алууну пландоодо

Мэрия кечээ калаадагы күндүзгү стационарларга 1 339 адам кайрылганын, 4-июлдан бери 77 094 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0