Боронов: Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында абал оор

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевКыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов. Архив
Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эпидемиологиялык кырдаал туруксуз болуп жаткан аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүү керектиги айтылган.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Биздин негизги максат — мекендештердин өмүрүн сактоо жана өлүмдүн санын азайтуу. Ага болгон күч-аркетибизди жумшашыбыз керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын отурумунда билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды.

"Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ооруп жаткандардын көрсөткүчү жогору. Буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керек. Учурда жаңы ооруканаларды куруу жана өлкө аймактарында колдонулбай турган имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ыңгайлаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. Тез жардам кызматы кайрылууларга өз учурунда көңүл бурушу керек, алар келбей жана көмөк көрсөтпөй калган учурлар болбошу керек", — деди Боронов.

Боронов курула турган ооруканалардын сапаттуу болушун талап кылды

Ошондой эле тармактык мамлекеттик органдарга медицина кызматкерлеринин айлык акысын жана компенсациясын өз мөөнөтүндө төлөп берүү талабы коюлган.

Ал эми Экономика министрлигине дары-дармек, жеке коргонуу каражаттарын жана башка зарыл жабдууларды өндүрүүчү атамекендик ишканаларга көмөк көрсөтүү ишин күчөтүү тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0