Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив

Министрлик онлайн кабыл алуунун 2-туруна катышчу бүтүрүүчүлөргө эскертти

74
(жаңыланган 09:40 31.07.2020)
Азыркы тапта жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун II туру өтүүдө. Ал эми III тур 1-8-август күндөрү болот.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун 2-туруна катышып жаткан бүтүрүүчүлөргө билдирүү таратты.

"Урматтуу абитуриент, сиз 1-август саат 17:00гө чейин сунушталган окуу жайда билим ала турганыңызды тастыкташыңыз керек. Эгер ал окуу жайдан билим алгыңыз келбей калса, айтылган убакытка чейин жиберген өтүнмөңүздү кайтарып алууңуз шарт. Бул учурда сиз III турга катыша аласыз", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик 2-турда билим алчу окуу жайын тандап аныктаган абитуриент 3-турга катыша албай турганын кошумчалады.

Өлкөнү силерге өткөрөбүз! Президент бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырды

Эске салсак, быйылкы жылы бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларга онлайн тапшырууда. Азыркы тапта онлайн кабыл алуунун 1-туру бүтүп, экинчи туру өтүүдө. Ал 1-августта аяктайт. Ал эми 3-тур 1-августтан 8-августка чейин уюштурулат.

74
Белгилер:
бүтүрүүчү, окуу жай, билим берүү, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: "Алтын тамгага" жетпей калып катуу намыстангам
(NaN:NaN / NaNMb / )

Кыргызстандык кыз катышкан "Ты супер!" шоусу. Түз алып берүү

62
Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу менен НТВ телеканалынын биргелешкен долбоорунун биринчи чыгарылышына күбө болуңуздар.

"Ты — супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору. Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. Бүгүн мызкалык конкурстун төртүнчү сезону башталып, анда Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Карина Амринова ат салышууда.

"Ты — супер!" сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат

Долбоордун максаты ата-энесиз калган жаш өнөрпоздорго мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

62
Белгилер:
"Ты – супер" балдар долбоору, вокал, музыка, долбоорлор, Карина Амринова
Тема боюнча
"Ты супер!" финалына чыккан балдар үйлүү болушту. Ыйлаткан видео
Тывалык бала "Ты супер" сынагында өзгөчө үнү менен калыстарды таң калтырды
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек

186
(жаңыланган 22:55 20.09.2020)
Пандемиядан улам дээрлик бардык мамлекеттер чек арасын жаап, байланыш чектелген. Эпидемиологиялык абал турукташа баштагандан бери каттамдар жанданууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россияга барууну каалаган кыргызстандыктар коронавируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөнү тууралуу маалым катын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

Маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттам жандангандыктан 21-сентябрдан тарта  аба жолдору ачылганы айтылат.

Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

"Азырынча рейс жумасына эки ирет "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары аркылуу аткарылып турмакчы", — деп жазылат кабарда.

Ал эми тестти жүргүнчү Россиянын аймагына киргенге чейинки үч күндүн аралыгында тапшырышы зарыл.

186
Белгилер:
тест, коронавирус, элчилик, авиакаттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынмай болду
Премьер-министр Россияга болгон авиакаттамдарга чектөөлөр алынарын айтты