Адатта пайдалуу дейбиз... Гастроэнтеролог тамакты ысык ичүү зыян экенин айтты

Жазылуу
Макалада эгер адам тамакты дайыма ысуулай жей берсе, ашказаны ошол стресске көнүп сезгичтигин жоготот да, азыктын ысык-суугун жакшы айырмалай албай калат деп айтылат.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Адамдын организми ысык тамакка көнгөн эмес, бирок убакыттын өтүшү менен адаптация болушу мүмкүн. Ошентсе да тамактын ысыгы зыян экендигин Sputnik радиосуна гастроэнтеролог Сергей Вялов айтып берген.

Анын билдиришинче, идеалдуу деп үй температурасындагы азыкты атаса болот. Адатта тамакты ысык ичкен пайдалуу деген сөз кулагыбызга сиңип калган. Бирок андай эмес, ысык менен жылуунун айырмасын билиш керек. Тамакты казандан чыгарары менен жеген учурда ал ашказан жарасына чейин алып барышы мүмкүн. Кичине суутуп ичсе даамына келип, сиңимдүү, пайдалуу дагы болмокчу.

Диетолог коон менен дарбыздын зыяндуу жактарын санап берди

"Эгер адам ысык тамакты дайыма жей берсе, ашказаны ошол стресске көнүп сезгичтигин жоготот да, азыктын ысык-суугун жакшы айырмалай албай калат. Убакыттын өтүшү менен тамак барган орган ооруксунуп гастритке, андан ары жарага алып барышы мүмкүн", — деген дарыгер.

Ал кошумчалагандай, көпчүлүк азыкты бир аз даамдап көрүп эле жеп баштайт. Бирок ашказандын былжыр чели ооз көңдөйүнө караганда алда канча жука болорун эске алуу керек. Себеби ооздо ысыгыраак болгон тамак ичти күйгүзүп кеткендей эле болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0