COVID: Бишкектин ооруканаларында 1 343 орун бошоду

© Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КРГансидеги оорукана. Архив
Гансидеги оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең мененки маалымат боюнча ушу тапта миңден ашык орун бар. Бейтаптар аз ооруканалардын сап башында "Ганси" жана Воронцовкадагы санаторий турат.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн 1 343 бош орун бар экенин билдирди.

Маалымат бүгүн, 31-июль, саат 8.00гө карата берилген.

Жалал-Абадда бала бакча инфекциялык ооруканага айланды. Сүрөт

Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот.

  • "Гансидеги" оорукана — 360;
  • Воронцовкадагы санаторий — 222;
  • Улуттук госпиталь — 207;
  • №1 интернат — 113;
  • Республикалык наркология борбору — 94;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 21;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 48;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 62;
  • "Ынтымак" медресеси — 50;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 52;
  • Rixon мейманканасы — 25;
  • Улуттук хирургия борбору — 13;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 22;
  • Темир жол ооруканасы — 16.
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 38.
Жаңылыктар түрмөгү
0