БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өлкө аймагында бүгүн 662 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, вирус илештирип алгандардын арасында 25 медицина кызматкери бар.
- Бишкек - 221;
- Ош – 52;
- Чүй облусу – 42;
- Ош облусу - 81;
- Талас облусу – 22;
- Нарын облусу – 13;
- Ысык-Көл облусу – 82;
- Жалал-Абад облусу – 102;
- Баткен облусу - 47.
Ушуну менен вирус жуктуруп алып илдетке кабылган кыргызстандыктардын саны 35 805 кишиге жетти.