Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы борбордук мечит. Архив
Бишкек шаарындагы борбордук мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курман айтка карата өлкөгө беш мамлекеттин башчыларынан куттуктоо каттары келип түшкөн. Бардыгы эл-журтка аманчылык, тынчтык каалашкан.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Мусулман өлкөлөрүнүн башчылары Кыргызстанды жана Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Алгачкы куттуктоо коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден келип түшкөн. Ал коңшу элдердин биримдиги артып, Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келүүсүн каалап өткөн.

© REUTERS / Hannibal HanschkeКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
"Бакубатчылыкты, байгерчиликти символдоштурган Курман айт тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана элдерибиздин биримдигин арттырсын. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирип жаткан COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигибизди билдиребиз, эл аралык коомчулуктун жалпы күч-аракеттери менен биз биргеликте бул коркунучту жеңип чыгарыбызга ишенем", — деп жазылган Токаевдин куттуктоосунда.

Журтубуз дарттан тезирээк кутулсун! Жээнбеков Курман айт менен куттуктады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да кыргыз элин Курман айт менен куттуктап, эки элдин ортосундагы ынтымак бекем болушуна тилектеш экенин билдирген.

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв
Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв

"Акыркы жылдары биргелешкен күч-аракеттерибиз менен эки өлкөнүн жана эки элдин ортосундагы боордоштук, достук жана жакшы коңшулук мамилени мурдагыдан да бекемдөөгө жетиштик. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы эки өлкөнүн өсүп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн бекемделе береринен күмөнүм жок", — деген Мирзиёев.

Кыргыз элин жана Сооронбай Жээнбековду Курман айт менен куттуктаган ажолордун арасында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон дагы бар.

"Башаты жалпы адамзаттын моралдык жогорку баалуулуктарынын түпкүрүнөн алынган Аль-Адха кубанычтуу майрамынын эзелки салттары өз ара түшүнүшүүнүн, өз ара колдоонун, ошондой эле эки элдин достугунун мындан ары дагы бекемделишине түрткү берет. Мындай жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташууну сиз менен бирге улантып кетебиз деп ишенем", — деп айтылат Тажикстан президентинин куттуктоосунда.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов да кыргыз элин Курман айт менен куттуктады.

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов
Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов

"Бул ыйык майрам бардык мусулман элдеринин ортосундагы биримдик менен ынтымакты мындан ары дагы бекемдээрине чын дилимден ишенем", — деп жазылган куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбековго Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандан да куттуктоо келип түштү.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган
Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган
"Курман Айт майрамы менен сизди элимдин жана өзүмдүн атыман чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бул майрам бүткүл дүйнө баштан өткөрүп жаткан кыйын мезгилде баарыбыздын башыбызды кошту. Сизге Алла Тааладан ден соолук жана бакыт, дос жана бир тууган кыргыз элине тынчтык, бейпилдик, аманчылык жана бакубатчылык тилейм", — деп жазылган куттуктоо телеграммасында.

Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты

Кыргыз элин жана Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен Бириккен Араб Эмирлигинин президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян жана Афганистан башчысы Мохаммад Ашраф Гани да куттуктап кетишкен. Өлкө башчылары элге жакшылык, өсүп-өнүгүү жана ынтымак каалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0