БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өкмөт азыркы коронавирус эпидемиясы учурунда иштеп жаткан өлүккананын кызматкерлерине да кошумча акыны көбөйтүүнү чечти. Бул тууралуу вице-премьер Аида Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим өлкөдө акыркы айларда адам өлүмү көп катталганынан улам кабыл алынган. Мында кеп кепилденген айлык акынын үстүнө кошуп берилчү акча тууралуу болууда.
Эгер буга чейин коронавирустан каза тапкан адамдын сөөгүн сойгону үчүн патологоанатомго 1 000 сом төлөнсө, эми 1 250 сомдон берилмекчи.
Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда
Орто медперсоналдын кызматкерлери 800 сомдун ордуна эми 1 000 сомдон ала башташат. Ал эми кенже персоналдын 600 сомуна 200 сом кошулду.
Мындан тышкары, орто жана кенже звено кызматкерлерине сөөктү жерге берүүгө даярдап бергени үчүн 130 сомдон төлөнмөкчү.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.
"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.
Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.