Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

SputnikPro долбоору эл аралык IPRA Golden World Awards сыйлыгына татыды

© © SputnikSputnikPro долбоорунун логотиби
SputnikPro долбоорунун логотиби - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
SputnikPro — ар тармактын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. SputnikPro билим берүү долбоору коомчулук менен байланыш чөйрөсүндөгү эң ири делген IPRA Golden World Awards for Excellence in PR 2020 сыйлыгына татыды.

Маалыматка ылайык, долбоор эл аралык калыстар тобу тарабынан "Өлкө, аймак жана шаар" номинациясында мыкты деп табылган.

"Биздин ишибизге ушунчалык жогору баа берилгенине ыраазыбыз. Эки жыл мурда иштей баштаган SputnikPro элге абдан керектүү жана актуалдуу долбоор болуп калды. Биздин агенттиктин долбоору ишин жаңы баштагандарга журналисттик кесиптин аспектилери жөнүндө көп нерсени билүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаңы идеяларды жаратууга мүмкүнчүлүк берет", — деген "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко.

Россиялык эксперт журналисттерге көздөгөнүнө жеткире турган 5 кеңеш айтты

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Анда Sputnik агенттигинин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле белгилүү россиялык журналисттер менен эксперттер тажрыйбасы менен бөлүшөт. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы

IPRA Golden World Awards (GWA) сыйлыгы коомчулук менен байланыш боюнча илгертеден бери иштеп келген эл аралык бирикме тарабынан ыйгарылат. Ассоциация 1955-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча байланыш стандарттарын калыптандырууга салымын кошуп, БУУ тарабынан таанылган. PR чөйрөсүндөгү эң беделдүү бирикме жыл сайын креативдүү жана уникалдуу долбоорлорду тандап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0