Ысык-Көл көзүмөн учту! Олимпиада-80 чемпиону менен ачык маек

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүОлимпиада-80дин фрунзелик чемпиону Александр Блинов. Архив
Олимпиада-80дин фрунзелик чемпиону Александр Блинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиада-80дин фрунзелик чемпиону Александр Блинов ат спорту менен 11 жашынан тарта машыккан. Андан бери жарым кылым убакыт өттү, спортчу алигүнчө жылкыдан кол үзбөйт. Машыгууларды, мастер-класстарды өткөрүп келет.

Туура кырк жыл мурун Кыргыз ССРинин кулуну Александр Блинов олимпиадалык пьедесталдын эң жогорку тепкичине чыккан. Ал советтик курама команданын курамында үч ирет ат жарышы боюнча командалык биринчиликтин алтын медалына татыган. Бул биздин чабандестин Олимпиада-80де СССРдин эсебине кошкон жалгыз медалы эмес эле. Үч жарыш боюнча жеке мелдештердин жыйынтыгы менен күмүш тагынган.

Азыр Александр Иванович Москва шаарында турат. Олимпиаданын 40 жылдыгына карата Sputnik Кыргызстандын кабарчысы олимпиадалык чемпион менен байланышып, кебин тыңдады.

© Фото / предоставлено Александром БлиновымКыргыз ССРинин кулуну Александр Блинов Москва Олимпиадасында үч ирет байгеге татыган
Ысык-Көл көзүмөн учту! Олимпиада-80 чемпиону менен ачык маек - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ССРинин кулуну Александр Блинов Москва Олимпиадасында үч ирет байгеге татыган

— Жолуңуз жылкы менен кандайча болуп байланышып калды?

— Ал күн азыркыга дейре эсимде, жамгыр жаап жаткан. Чабандестер Чоң Чүй каналынын наркы бетиндеги ат спорту боюнча мектебине аттарын жетелеп бара жатышканын көрдүм. Кызыгып алардын аркасынан бара бердим. Ошентип 11 жашымдан бери бул ишке байландым да калдым. Дал ошол Фрунзеде жылкыларды биринчи жолу көрдүм, дал ошол калаада ат мингенди үйрөнүп, өздөштүрдүм.

— Профессионалдуу спортко кирериңизди башында эле баамдаган белеңиз?

— Өмүрүмдү башка багытка арноо ойго да келген эмес. Ат спорту жашоомо кирген боюнча уланды. Машыгуулардын артынан дайым мелдешке даярдык, жарыштар... Андыктан профессионалдык деңгээлге көтөрүлүү боюнча маселе деле коюлган эмес, баары өзүнөн өзү эле болгон.

Бул кыргызстандыктар үчүн эң ийгиликтүү Олимпиада болгон. Кызыктуу фактылар

— СССР чемпионаттарына катышуу кезеги келгенде деле ойго келген жокпу?

— Бүткүл союздук мелдештерге 1972-жылы, дал спортчунун өспүрүмдүк жана чоңдор арасындагы старттардын чегиндеги куракта катыша баштадым. Жыл айланбай өспүрүмдөр арасындагы чемпионатта экинчи, чоңдор арасындагы мелдеште үчүнчү сапка илиндим. Мындай нерсе бардык атлетчилердин башынан өтөт. Мелдешке куракташ балдар катышканбыз, абдан ынтымактуу болчубуз.

— Олимпиада – 80дин алдында жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүңүздү өзүңүз кандай болжогон элеңиз?

— Кепти Кыргыз ССРи дайым күчтүү ат спорту менен өзгөчөлөнүп турганынан баштайлы. Биз менен россиялык, Казакстан, Өзбекстандын курама командалары эсептешишкен. Биз республикабыздын желегин өз деңгээлинде желбиретип турууга аракет кылдык.

Олимпиада оюндарына чейин эле даярдык башталган. Чет өлкөлөрдөгү жарыштарга катыштык, тажрыйба топтодук. Монреалдагы Оюндар аяктаганда машыктыруучулар Москвага бара турчу спортчуларды жана жылкыларды тандоого киришти. Олимпиадага даярдыкка катышуу үчүн эл аралык мелдеш жана тандоо жарыштарында өзүбүздү көрсөтүүгө тийиш элек.

1979-жылдын жазынан тарта үйдө кыска убакыт эс алып келдик. Калган убакта жылкыларыбыз менен мелдешке даярдыкта: адегенде Подмосковьеде, кийин Пятигорскиде болдук... Талапкерлердин баары курама командага кирүүгө таймашышкан, акырына чейин ачыкталган эмес.

40 жыл мурда намыска жараган. Мамагенттик Олимпиада чемпиону Осмоналиевди куттуктады

— Галзун атыңыз өзгөчө мүнөзү менен айырмаланганын айтышат. Бул Оюндардын соңку жыйынтыгына таасир эткен беле?

— Оюндарга мен эки күлүк менен даярдангам, экөө тең биздин Ысык-Көлдөгү жылкы заводунан эле. Мелдешке даярдыкта кимиси табында жана олимпиадалык стартка туура ылайык келерин чечишибиз керек болчу. Натыйжада Галзунду тандадык.

Ал секиргенди, чуркаганды жакшы көрчү, ал эми манежде (үч таймаштын биринчи түрү) жүргөндү анча жактырчу эмес. Айтор биринчи баскычтын жыйынтыгы менен биз алдыңкы ондукка кирбей калганбыз.

Андан соң кросс эле, мында чабандестер коодон секирип, коого секирип, талаада жасалган ар кандай бөгөттөрдөн өтүшөт. Бул түрдө Галзун күчтүү болчу, дароо экинчи орунга чыгып, италиялык Федерико Роман Эуродон кийинки сапта жайгаштым.

Үчүнчү баскычты (конкурду) менин күлүгүм кылдат жана тез өттү, бул биздин командага үч таймаш боюнча командалык биринчиликтин алтынга ээ болушуна себеп болду.

Күлүктөр, Ысык-Көл, "Арашан". Кыргыз ССРи Олимпиада-80дин конокторун таң калтырганда

— Олимпиадалык пьедесталга чыкканыңызда оюңузга биринчи эмне келди?

— Өз эмоцияларың жадыңдан дегеле кетпейт. Ар бир спортчу үчүн "олимпиадалык" таасирлер өзгөчө орунда болот. Мен анда жөн эле ат минип койбостон, өзүм үчүн, республика үчүн бир нерсе аткара алдым деген ойдо болдум. Ошончо жыл ат сарайда бекер жүрбөпмүн дегем.

© Фото / предоставлено Александром БлиновымЧемпион: Ар бир спортчу үчүн "олимпиадалык" таасирлер өзгөчө орунда болот. Мен анда жөн эле ат минип койбостон, өзүм үчүн, республика үчүн бир нерсе аткара алдым деген ойдо болдум. Ошончо жыл ат сарайда бекер жүрбөпмүн дегем.
Ысык-Көл көзүмөн учту! Олимпиада-80 чемпиону менен ачык маек - Sputnik Кыргызстан
Чемпион: Ар бир спортчу үчүн "олимпиадалык" таасирлер өзгөчө орунда болот. Мен анда жөн эле ат минип койбостон, өзүм үчүн, республика үчүн бир нерсе аткара алдым деген ойдо болдум. Ошончо жыл ат сарайда бекер жүрбөпмүн дегем.

— Олимпиада – 80ди ичтен көргөн киши катары эмнелер эсиңизде калды?

— Уюштуруучулар абдан мыкты аракет кылышкан, ошондуктан баары жогорку деңгээлде өткөн. Атайын ошол Оюндар үчүн курулган эбегейсиз спорттук комплекстер эле эмне деген эмгек! Айтмакчы, алар алигүнчө иштейт.

Дагы бир учур эсимден кетпейт. Олимпиада айылынан өз базабызга жолго чыкканда биз менен кошо автобуста автоматчандар болчу. Башында абдан одоно көрүнчү, кийин көнүп калып, аларды байкабай деле калдык.

— Спортчулар ырымчыл келишет деп калышат. Эң маанилүү мелдештердин алдында жеке ырымдарын катуу кармашат экен. Сиздин ошондой карманган ырым-жырымыңыз барбы?

— Купуя сакталганы үчүн алар ырым болуп саналат эмеспи. Жалпы кабыл алынган ырымдар да жок эмес, маселен, атаандашыңа мелдештин алдында өз каскаңды же камчыңды бербейсиң.

— Ат спорту — абдан кымбат ырахат. Жакшы тулпардын баасы люкс автомобилдин наркындай эле бар...

— Машина алайын десең, автосалонго эле баш баксаң болот. Ал эми жылкынын күлүгүн издөөгө тийишсиң. Себеби анын сага, кулк-мүнөзүңө жана жөндөмдөрүңө төп келиши шарт.

Ал тургай жылкыны карай билүүң абзел, багып, тапташ керек. Антип ат сарайдан чыкпай кароо ар кимдин эле колунан келе бербейт, жаныбарларды бага алган киши керек.

Таанышканда кайталап сурашат. Олимпиада аттуу кыргызстандыктар менен маек

— Жылкы менен коштошуу канчалык кыйынга турат?

— Бул ар бир чабандес үчүн талуу суроо. Жылкылар жаныңдай, бир бооруңдай эле болуп калат. Көңүл дартын басуу аракетинде башка ат менен иштеп алаксууга тырышасың. Бирок аны көнүп калган жылкыңа салыштыра бересиң. Алар деле адам сымал эле ар кыл, эки окшош жаныбар болбойт.

Мезгил өткөн сайын жүрөктүн сыздаганы басаңдайт, сен жаңы жаныбарга көнөсүң. Бирок башында чындап оор эле болот.

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүБлинов: Жалпы кабыл алынган ырымдар да жок эмес, маселен, атаандашыңа мелдештин алдында өз каскаңды же камчыңды бербейсиң.
Ысык-Көл көзүмөн учту! Олимпиада-80 чемпиону менен ачык маек - Sputnik Кыргызстан
Блинов: Жалпы кабыл алынган ырымдар да жок эмес, маселен, атаандашыңа мелдештин алдында өз каскаңды же камчыңды бербейсиң.

Олимпиада – 80ден соң турмушуңуз кандай өзгөрдү?

— Үч жылдан кийин Москвага көчтүм, машыгууну уланттым. 1990-жылдары мени Италияга иштөөгө чакырышты. Ал жакта башка чабандестер менен өзүм да кошо чыгып жүрдүм.

2000-жылы Москвага турмуштук шарттарымдан улам кайттым. Азыркыга дейре ушул шаардамын, ат спортуна колумдан келишинче көмөктөшүп жүрөм. Ар кыл деңгээлдеги спортчуларды машыктырдым, арасында спорттун тек гана сүйөрмандары да, эл аралык класстагы чеберлер да, курама команданын мүчөлөрү да болду. Операциядан бери өзүм да кээде ат минип калам.

Даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров жөнүндө 12 факты

— Кайсы операцияны айтасыз?

— Бир жолкусунда оң тиземди катуу жабыркатып алдым. Беш жылдай дарыландым, көпкө айыкпады. Машыктыруучулук ишимде да узун тыныгуу алууга туура келген. Азыр баары жайында.

Адатта спортчулар машыгууларда жаракат алышат. Жылкылар да ката кетиришет. Кырсыкты айтып болбойт, спортчу жыгыла элек болсо, демек, али ат мингенди үйрөнө элек.

— Москвага көчүп кеткенден кийин Кыргызстанга келдиңизби?

— Албетте! Ат спортчуларынын арасында, андан башка да көп досторум бар. Шартым болгон сайын туулган жерге барып кабар алып турчумун. Соңку ирет жети жыл мурун болдум.

— Мекенден ыраакта көбүнчө эмнеге куса болосуз?

— Чынын айтсам, Ысык-Көлдү сагынам. Керемет көл, ушундай тыптынч! Кыргызстандын анык бермети...

— Олимпиадалык курама командадагы жолдошторуңуз менен байланышасызбы?

— Телефон чалып сүйлөшүп, майрамдарда бири-бирибизди куттукташып калабыз. Юрий Сальников Ростова-на-Донудан, Валерий Волков Ярославлден. Алар да ат спорту менен машыгууну улантып келишет. Жаш спортчуларды машыктырышат, шарты болгондо Москвага келип турушат.

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

Сергей Рогожин Нальчик шаарынан эле. Тилекке каршы, бейиши болгур ал киши кроссто каза болуп калган (Кырсык Олимпиададан үч жылдан соң, тагыраак, 1983-жылы Костромдогу мелдеш маалында болгон. Рогожин анда 26 жашта эле. — Ред. тактоосу).

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүБлинов: Чынын айтсам, Ысык-Көлдү сагынам. Керемет көл, ушундай тыптынч! Кыргызстандын анык бермети...
Ысык-Көл көзүмөн учту! Олимпиада-80 чемпиону менен ачык маек - Sputnik Кыргызстан
Блинов: Чынын айтсам, Ысык-Көлдү сагынам. Керемет көл, ушундай тыптынч! Кыргызстандын анык бермети...

— Сизди кыргыз ат спортунун даңазалуу өкүлү Сайботтал Мурсалимов машыктырган экен. Ал кандай киши эле?

— Өспүрүм курагымдан тарта мени ошол инсан таптады, олимпиадалык пьедесталдын жогорку тепкичине чыгарды. Чыныгы мээнеткеч катары Сайботтал Хабибулович өзү Рим жана Токио — эки Олимпиада оюндарына катышкан. Өзү да биз сыяктуу эле бүт өмүрүн жылкы менен байланыштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0