Медиктердин компенсациясы канча сомго көбөйдү? Түшүндүрмө

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кызыл зонада" иштеген дарыгерлер эми стационарда иштеп, кийин обсервацияда жаткан күндөрүн кошкондо айына 72 300 сомдон кошумча акы алып башташты.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктерге берилчү кошумча акы көбөйгөнүн айтып, ар бирине канча сомдон төлөнүп баштаганын брифингде түшүндүрүп берди.

Компенсация төлөп берүүдө өкмөт коронавирус менен күрөшүп жаткан ак халатчандарды үч категорияга бөлгөн.

1-категорияга "кызыл зонада" иштеп жаткан медицина кызматкерлери кирет.

Дарыгерлер. Мурда алар ар бир иштеген күнүнө 2 300 сомдон алса, эми бул сумма 3 300 сом болуп көбөйгөн. Ошондо "кызыл зонада" 15 күн иштеген дарыгер 66 миң сомдон алып калат. Ага кошумча, обсервацияда жаткан учур дагы эсептелет. Ал жакта жаткан ар бир күнүнө 900 сомдон каралган. Ошондо стационарда иштеп, кийин обсервацияда жаткан күндөрүн кошкондо дарыгерлер 72 300 сомдон алып башташты.

Орто медперсонал. Мурда күнүнө 2 000 сомдон төлөнсө, эми 2 500 сомдон бериле баштады. 15 күн стационарда иштеп, андан кийин обсервацияда жаткан күндөрүн кошкондо, орто медперсонал кызматкери айына 61 300 сомдон кошумча акы алып калат.

Кенже медперсонал. Буга чейин аларга күнүнө 1 800 сом кошумча акы эсептелсе, азыр бул сумма 2 200 сомго көбөйдү. Ошондо "кызыл зонада" иштеген кенже медперсонал кызматкерине стационарда иштеген жана обсервацияда жаткан күндөрүн кошкондо 27 күнгө 54 700 сомдон төлөнөт.

Коронавирус медицина каймактарын терип кетти. Дарттан көз жумган медиктер

Исмаилова эгерде "кызыл зонада" иштеген медиктер 15 күндөн кийин дагы стационарда ишин уланта берүүнү кааласа, аларга эч ким тоскоол болбой турганын эскертти.

2-категорияга график боюнча иштеген медиктер кирген.

Дарыгерлер. Буга чейин дарыгерлер саатына 100 сомдон алса, эми 130 сомдон алып баштады. Ошондо 8 саатка 1 040 сом төлөнүп калат. Жалпысынан алганда 25 күнгө 26 миң сомдон бериле турган болду.

Орто медперсонал. Мурда саатына 90 сом төлөнсө, азыр бул сумма 120 сомго көбөйдү. Ошондо 8 саатка 960 сомдон чыга баштайт. 25 күн 8 сааттан иштесе, алар 24 миң кошумча акы алып калат.

Кенже медперсонал. Буга чейин алар саатына 80 сом алса, азыр бул сумма 100 сомго көбөйдү. 8 саат иштегенин эсептей турган болсок, 800 сомдон төлөнүп калат. Ошондо 25 күнгө 20 миң сом кошумча акы чыгып турат.

Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда

3-категорияга Тез жардам кызматы кирген.

Дарыгер. Тез жардам кызматынын өкүлдөрүнө коронавирус жуктурган бейтаптарды тейлегенине жараша төлөнөт. Мисалы, дарыгер бир бейтапты тейлесе, ага буга чейин 600 сом төлөнчү. Азыр бул сумма 750гө көбөйдү.

Орто медперсонал. Буга чейин бир бейтап тейлегени үчүн 500 сом алса, эми ал каражат 600 сомго көбөйдү.

Кенже медперсонал. Алар буга чейин 400 сомдон алса, эми бир бейтапты тейлегени үчүн 500 сомдон төлөнө баштады.

Мындан сырткары, өкмөт моргдо иштеген кызматкерлердин да кошумча акысын көбөйткөнү кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0