40 жыл мурдагы тарых: кыргызстандык Колпакова Олимпиада-80ден алтын уткан

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүТатьяна Колпакова, аялдардын узактыкка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону. Архив
Татьяна Колпакова, аялдардын узактыкка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Москвадагы Олимпиада оюндары боюнча атайын долбоордун алкагында алтын байгеге ээ болгон Кыргыз ССРинен чыккан спортчу тууралуу баяндайт.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Мындан туура 40 жыл мурда ушул күнү кыргызстандык Татьяна Колпакова Москвада өткөн жайкы Олимпиада оюндарында узатасынан секирүү боюнча алтын медаль утуп алган.

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүМындан туура 40 жыл мурда ушул күнү кыргызстандык Татьяна Колпакова Москвада өткөн жайкы Олимпиада оюндарында узатасынан секирүү боюнча алтын медаль утуп алган
40 жыл мурдагы тарых: кыргызстандык Колпакова Олимпиада-80ден алтын уткан - Sputnik Кыргызстан
Мындан туура 40 жыл мурда ушул күнү кыргызстандык Татьяна Колпакова Москвада өткөн жайкы Олимпиада оюндарында узатасынан секирүү боюнча алтын медаль утуп алган

Кыргыз ССРинин Аламүдүн районунда туулган спортчу 7,6 метр аралыкка секирип, германиялык Бригитту Вуяктан жана өзүнүн командасындагы өнөктөшү Татьяна Скачкодон озуп өтүп, мыкты жыйынтык көрсөткөн. Колпакованын анда Олимпиадага биринчи ирет катышышы эле.

Жеңүүчү республикалар. Олимпиада-80де жеңишке ким жеткирген?

Учурда 60 жаштагы Колпакова көп жылдан бери Россияда жашайт, бирок туулган өлкөсүн эсинен чыгарбайт. Өткөн жылы Кыргызстанга келип кеткен.

Советтик Кыргызстандан чыккан сегиз спортчу Москвадагы Олимпиадада кантип жеңишке жеткенин Sputnik агенттиги даярдаган видеоинфографикадан көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0