Кыргызстанда дагы 494 адам коронавирус жуктуруп алды

© REUTERS / Sebastian CastanedaКан үлгүсүн кармап турган медициналык кызматкер. Архив
Кан үлгүсүн кармап турган медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт россиялык медиктер менен бирге коронавирустан дарылоонун жаңы протоколу боюнча иштеп жатканын айткан.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 494 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Вируска жаңы кабылгандардын арасында 22 медицина кызматкери бар.

  • Бишкек - 112;
  • Ош – 66;
  • Чүй облусу – 33;
  • Ош облусу - 95;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 16;
  • Ысык-Көл облусу – 94;
  • Жалал-Абад облусу – 53;
  • Баткен облусу - 23.

COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 36 299 адам болду.

Кечээтен бери коронавирустан 900 бейтап сакайып чыкты

Азыркы тапта өлкө боюнча ооруканаларда 9 170 бейтап дарыланууда. Алардын көбү Бишкек шаарынын жана Ош, Ысык-Көл облустарынын стационарларында жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0