Бишкекте 15 ооруканада 1 159 бош орун бар. Тизме

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүШаардык оорукананын палатасы. Архив
Шаардык оорукананын палатасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат 1-август саат 8:00гө карата берилген. Бүгүн мурдагы күндөргө салыштырмалуу бош орундардын саны аз экенин байкоого болот.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн азыркы тапта 1 159 бош орун бар экенин билдирди.

Маалымат 1-август саат 8:00гө карата берилген. Бүгүн мурдагы күндөргө салыштырмалуу бош орундардын саны аз.

Аида Исмаилова ШКУ форумуна катышты. Эмне тууралуу сүйлөдү

Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот.

  • "Гансидеги" оорукана — 367;
  • Воронцовкадагы санаторий — 65;
  • Улуттук госпиталь — 207;
  • №1 интернат — 95;
  • Республикалык наркология борбору — 97;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 52;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 67;
  • "Ынтымак" медресеси — 55;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 60;
  • Rixon мейманканасы — 27;
  • Улуттук хирургия борбору — 11;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 22;
  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы —21.
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 1;
  • Кыргыз темир жол ооруканасы — 13.

Белгилей кетсек, ооруканалардын жана күндүзгү, түнкү стационарлардын дарегин жана андагы бош орундарды көрсөтүп турган карта иштелип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0