Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойЙога машыктыруучусу Нуркыз Кадырбаева
Йога машыктыруучусу Нуркыз Кадырбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туура дем ала билүү ден соолукту гана чыңдабастан, адамдын кулк-мүнөзүн да калыптандырат. Ушундай ойду карманган Нуркыз Кадырбаева йога боюнча бишкектиктерди залда да, онлайн да машыктырып келет.

28 жаштагы Нуркыз учурда Индиядагы йога мектебинде инструкторлорду онлайн даярдоо программасы менен да иштешүүдө. Кыргызстанда үч тилде йога класстарын ачуу планы бар. Айтмакчы, маектешибиз бул багытта Балиде окуп, эл аралык сертификат алып келген. Машыктыруучу менен журналист Айнагүл Сапарбек кызы маектешти.

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойЙога машыктыруучусу Нуркыз Кадырбаева: Ар бир адам көңүлүнө төп келчү нерселерди издейт эмеспи. Йога менен “таанышууда” эле жыйынтыкка басым жасабастан, мага дал процесстин өзү жагарын түшүндүм.
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Йога машыктыруучусу Нуркыз Кадырбаева: Ар бир адам көңүлүнө төп келчү нерселерди издейт эмеспи. Йога менен “таанышууда” эле жыйынтыкка басым жасабастан, мага дал процесстин өзү жагарын түшүндүм.

— Йогага кызыгуу кандайча жаралды?

— Биринчи жолу йогага 2016-жылы баргам. Башынан аягына чейин, айтор ар бир көнүгүүдөн ырахат алгам. Өзүңдүн денеңди, көнүгүү кандай таасир этип жатканын туюп турат экенсиң. “Шавасана” деп коет, аягында беш мүнөттөй денеңди бош коюп эс аласың. Өзгөчө ошону менен жыйынтыкталганы жаккан.

Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл

Ар бир адам көңүлүнө төп келчү нерселерди издейт эмеспи. Йога менен “таанышууда” эле жыйынтыкка басым жасабастан, мага дал процесстин өзү жагарын түшүндүм. Кызыгып калып, калтырбай барып жүрдүм. Ал убакта йога машыктыруучу болом деген деле ой жок болчу. Өзүм үчүн гана барчумун.

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойНуркыз Кадырбаева: машыктыруучу болуу үчүн көнүгүүлөрдү туура аткарып, туура көрсөтүп бергенден сырткары элге жеткиликтүү сүйлөп, аудитория менен иштөөнү, адамдарды түшүнө билүү зарыл экен.
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Нуркыз Кадырбаева: машыктыруучу болуу үчүн көнүгүүлөрдү туура аткарып, туура көрсөтүп бергенден сырткары элге жеткиликтүү сүйлөп, аудитория менен иштөөнү, адамдарды түшүнө билүү зарыл экен.

— Машыктыруучулукка кантип кириштиңиз? Сырттан атайын окуп келген экенсиз...

— Дубайда иштечүмүн ал кезде. Жумушума же жашаган жериме жакынын издеп, улам ар кандай йога студияларга барып жүрдүм. Калтырбай машыга берсең, анын турмушуңа да тийгизген таасири байкалат. Негизи табиятымдан позитивдүү адаммын, бирок бир өңчөй турмуш сүрө берсең, умтулуу жоголо баштайт, шыктандырчу нерселер азаят. Йога менен машыга баштагандан кийин көп нерсе жакшы жагына өзгөрдү. Маанайым дайым ачык, активдүү болуп, тез ойлонуп, пландарым да шыр аткарыла баштады. Ушул тарабы мени ого бетер шыктандырды.

Коронавирустан айыккандан кийин спорт менен машыкса болобу? Адистин кеңеши

Бир күнү курбу кызым Балиге йога-ретритке (тыш дүйнөдөн обочолоно йога дүйнөсүнө сүңгүү – ред.) барып келүүнү сунуштап калды. Ошондо негедир йога машыктыруучулукту өздөштүрүп алсамбы деген ой келди. Ал үчүн көнүгүүлөрдү туура аткарып, туура көрсөтүп бергенден сырткары элге жеткиликтүү сүйлөп, аудитория менен иштөөнү, адамдарды түшүнө билүү зарыл экен. Бул багытта тажрыйбам бар эле. Элге пайдалуу нерселерди түшүндүрүп, жардам бергенге ашыгам. Кызыгуум ого бетер арта түштү. Машыктыруучу болууга жөндөмүм да, кызыгуум да төп келди. Ошентип бул багытты үйрөнүү үчүн Индонезияга бет алгам. 2019-жылы Балидеги индия мектебинде окуп келгем. Сертификаттары 80, 100 сааттык деп бөлүнөт экен, мен 200 саат сабак алгам. Йога комюнитиде катталган эл аралык машыктыруучу болуп саналам.

Андан тышкары, жакында эле ошол мектептеги окутуучуларымдын бири инструкторлорду онлайн даярдоочу программага чакырды. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан машыктыруучу болгусу келгендер катыша алат. Пандемия басаңдаса, Индияда орус тилдүү группаларды да ачуу аракети көрүлмөкчү.

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойМашыктыруучу Нуркыз Кадырбаева: йога менен каалаган убакта машыгууга болот, тамак ичкенден кийинки учурдун баары ылайыктуу
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу Нуркыз Кадырбаева: йога менен каалаган убакта машыгууга болот, тамак ичкенден кийинки учурдун баары ылайыктуу

— Йога менен кайсы убакта машыккан оң? Таңдабы, күндүзбү же кечке маалбы?

— Каалаган убакта. Башкысы, тамактан кийин буга киришпеңиз. Албетте, таңда йога менен машыксак, артыкчылыгы арбын. Биринчиден, эрте туруп, убакыт узарат. Күндөн энергия алып, жаңы күндү чыйрак, сергек баштайсың. Бирок ар кимдин өз өзгөчөлүгүнө жараша, айрымдар кеч турат, денеси да кеч ойгонот. Көнүгүү жасаганда кыйналышат, анткени булчуңдар да ойгоно элек кез. Шарты болсо, алар күндүз абдан активдүү көнүгүүлөрдү аткарышса болот. Кечке маал көбүнесе өткөн-кеткенди унутуп, артынып жүргөн көңүл жүктөрүнөн арылып, уйкуга даярдай турган көнүгүүлөргө басым жасаган оң.

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойЙога машыктыруучусу Нуркыз Кадырбаева: Оор көнүгүүлөрдү өзүңдү кыйнап, тырышып жасай бергенге болбойт. Денеңдин мүмкүнчүлүгүнө гана жараша, кайсы деңгээлде турсаң, ошол жерден гана акырындык менен улайсың.
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Йога машыктыруучусу Нуркыз Кадырбаева: Оор көнүгүүлөрдү өзүңдү кыйнап, тырышып жасай бергенге болбойт. Денеңдин мүмкүнчүлүгүнө гана жараша, кайсы деңгээлде турсаң, ошол жерден гана акырындык менен улайсың.

— Йоганын кандай пайдаларын атайт элеңиз?

— “Денеси соонун — руху бекем” деп коюшат эмеспи, денебиз чымыр, саламаттыгыбыз чың болуп турганда гана алдыга жылыш болот. Көнүгүүлөр менен дене чыңдалып, медитация аркылуу ойлор тазаланып, иреттелип, анан өнүгүүгө жол ачылат. Ушул нерселерге алпарчу кадамдардын бири — йога. Йоганын түрлөрү көп. Негизги, классикалык түрү катары хатха йоганы карашат. Аштанга йогада көп көнүгүүлөр кайталанат. Анткен сайын ал курчуйт, мааниси да тереңдейт. Ар бир көнүгүүнүн өз пайдасы бар. Бирөө дене-бойду түздөсө, дагы бири тартипти бекем сактоого эрк жаратат.

COVID менен ооругандан кийин организмди кантип чыңдоо керек. 5 суроого жооп

Канчалык деңгээлде сапаттуу дем аларыбызды ойлоп да койбойт эмеспизби. Пранаяма багыты дал ушул нерсени үйрөтөт. Туура дем алууну өздөштүргөн адамдар сабырдуу, токтоо келишет. Туура дем алуу ден соолукту чыңдоого, өмүрдү узартууга да түздөн-түз таасир этет. Йоганын ар бир көнүгүүсүндө дем алууңду байкайсың.

Бир позада узакка кармалып турган да учурлар бар, мунун клеткалык деңгээлде таасири чоң. Ал үчүн эч калтырбай, тынымсыз машыгуу талап кылынат. Ошентсе да оор көнүгүүлөрдү өзүңдү кыйнап, тырышып жасай бергенге болбойт. Денеңдин мүмкүнчүлүгүнө гана жараша, кайсы деңгээлде турсаң, ошол жерден гана акырындык менен улайсың. Бул ыкманын жашоодо да пайдасы тиет. Бизнести же бир мамилени кура баштасаң деле өз мүмкүнчүлүгүңө жараша кыймылдап, ички туюмуңа кулак салып, жөндөмүң же өздөштүргөнүң кайсы чекитте болсо, дал ошол жерден улап, өрчүтүп, курчутуп кетиш жеңил болот.

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойНуркыз Кадырбаева: 18-20 жашымда спорт залга калтырбай барчумун. Ал убакта дене-мүчөмдү өзүм каалаган формага жеткирүүнү эңсеп, күзгүгө каранган сайын улам бир кемчилигимди издеп, булчуң толтуруш же белди ичкертиш керек деген нерселерге басым жасаар элем. Йогага аралашканы өзүмдү кандай болсом, ошондой кабыл алууну үйрөндүм.
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Нуркыз Кадырбаева: 18-20 жашымда спорт залга калтырбай барчумун. Ал убакта дене-мүчөмдү өзүм каалаган формага жеткирүүнү эңсеп, күзгүгө каранган сайын улам бир кемчилигимди издеп, булчуң толтуруш же белди ичкертиш керек деген нерселерге басым жасаар элем. Йогага аралашканы өзүмдү кандай болсом, ошондой кабыл алууну үйрөндүм.

— Спорттун башка түрү менен машыккан белеңиз? Салыштыра аласызбы?

— 18-20 жашымда спорт залга калтырбай барчумун. Ал убакта дене-мүчөмдү өзүм каалаган формага жеткирүүнү эңсеп, күзгүгө каранган сайын улам бир кемчилигимди издеп, булчуң толтуруш же белди ичкертиш керек деген нерселерге басым жасаар элем. Йогага аралашканы өзүмдү кандай болсом, ошондой кабыл алууну үйрөндүм. Спорт залына өзүмдү өзгөртүш үчүн барсам, йога менен ырахат алуу үчүн машыгам. Бул багыт менен өзүңө болгон сүйүүң, Жаратканга болгон ыраазычылык, шүгүрчүлүк артат.

АКШлык аял ракты спорттун жардамы менен жеңип, айыгып кетти. Сүрөттөр

Спорттун ар бир түрүнүн максаты болот эмеспи. Мисалы, бокста мушкер атаандашын утсам дейт, жөө күлүк марага биринчи болуп келишти көздөйт. Ал эми йоганын максаты — ден соолукту чыңдоо жана ойду тазалоо.

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойКадырбаева: Бокста мушкер атаандашын утсам дейт, жөө күлүк марага биринчи болуп келишти көздөйт. Ал эми йоганын максаты — ден соолукту чыңдоо жана ойду тазалоо.
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Кадырбаева: Бокста мушкер атаандашын утсам дейт, жөө күлүк марага биринчи болуп келишти көздөйт. Ал эми йоганын максаты — ден соолукту чыңдоо жана ойду тазалоо.

— Бул ишти колго алганыңызга канча болду?

— Кыргызстанда машыктыруучу катары иштей баштаганыма жыл айлана элек. Буга чейин чет жактарда жашап, иштеп келдим.

— Киреше булагыңыз йога менен гана чектелеби?

— Сыртта жүргөн кезде мекенге кайтканымда акчанын артынан түшүп иштебейм деп өзүмө сөз бергем. Анткени материалдык багытта көздөгөнүңө жеткениң менен андай бакыттын кыска болорун аңдадым. Өзүңө жаккан иш менен алектенсең, сага көптүн деле кереги жок экен. Көңүлүбүзгө туура келбеген нукта же жакпаган чөйрөдө жашай берсек, жашоонун кызыгы жоголот, боштук пайда болот. Аны толтуруу үчүн адам көптү самай баштайт, эч нерсеге канааттанбай калат. Ошол эле шоппинг-терапия, кооз жайларды кыдыруу, кымбат буюмдарды сатып алуу өңдүү нерселер деле бара-бара супсак сезиле баштайт. Ал эми табиятыңа ылайык ишти колго алсаң, барга шүгүр кыласың, жок болсо кейибейсиң. Ар бир адам акчага муктаж, айрыкча ушул чакта. Бирок муктаждыктын да деңгээли болот экен. Мен ошонун деңгээлин азайткым келген. Максатыма жеттим.

Арыктайм дегендердин 10 катасы. Диетолог кеңеш айтып, эскертүү берди

Йога — ушул чакта менин киреше булагым. Азыр боймун, бала-чакам же бирөө үчүн жооптуу болбогонум үчүн тапканым өзүмө жетиштүү. Эгер үй-бүлөлүү болсоң, менимче, машыктыруучулуктан тышкары дагы бир ишиң болушу кажет.

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойЙога машыктыруучусу: Сыртта жүргөн кезде мекенге кайтканымда акчанын артынан түшүп иштебейм деп өзүмө сөз бергем.
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Йога машыктыруучусу: Сыртта жүргөн кезде мекенге кайтканымда акчанын артынан түшүп иштебейм деп өзүмө сөз бергем.

— Жалкоо же убактысы жок адам өзүн кантип йогага көндүрө алат?

— Негизгиси — баштап көрүш керек. Жалкоолук кимде гана жок. Эгер максат туура эмес коюлса, жалкоолук дегеле кое бербейт. Калган учурда жалкоолукту жеңүүнүн амалы табылат. Анткени жактырган ишинде адам изденет. Изденген сайын кызыгуусу артат. Айрым адамдар жалкоолукту жеңиш үчүн көнүгүүлөрдөн баштайт, кээ бири жакындары менен мелдешет. Жалкоолук басканда мен өзүмө жалкоолонууга уруксат берем. Андан жадаганда адам өзү эле кайра ишке киришет. Ал эми таптакыр эле жалкоолорго түрткүлөп турган бирөө көмөкчү болор. Йога менен машыгууга убакыт таба албай же улам бир нерсеге шылтай берүү адатка айланып калса, анда бир эле кадам таштап көрүңүз. Йога сизге туура келеби-жокпу же улап кете аласызбы, ошондо баары түшүнүктүү болот.

— Карантин маалында ишиңиз үзгүлтүккө учураган жокпу? Же ыгын таап алдыңызбы?

— Толук онлайн-машыгууга өттүм. Жеке да сабак берип, группа менен да иштеп жаттым. Онлайн-машыгуунун артыкчылыгы — убакыт үнөмдөлөт. Даярданууга, жолго убакыт сарптабайсың. Негизи онлайн дагы, студияда да машыктырам.

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойЙога машыктыруучусу Нуркыз Кадырбаева: Ар бир адам акчага муктаж, айрыкча ушул чакта. Бирок муктаждыктын да деңгээли болот экен. Мен ошонун деңгээлин азайткым келген. Максатыма жеттим.
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Йога машыктыруучусу Нуркыз Кадырбаева: Ар бир адам акчага муктаж, айрыкча ушул чакта. Бирок муктаждыктын да деңгээли болот экен. Мен ошонун деңгээлин азайткым келген. Максатыма жеттим.

— Өзүңүз жөнүндө билсек. Кайда төрөлгөнсүз?

— Ысык-Көл облусунан болом. Беш жашымда ата-энем Бишкекке көчүп келип, балалыгым борбор калаада өттү. Улуттук компьютердик гимназияны бүтүргөм. Кенже кызмын. Эки агам бар.

— Кайсы кесиптин ээси болосуз? Спорттон сырткары алектенген багытыңыз кайсы?

— Кесибим боюнча экономистмин, финансы жана кредит багыты боюнча жогорку билим алгам. Бир топ демилгелерим бар. Аларды ишке ашыра элек кезде айтканым туура эмес болор. Бирок өлкөнүн өнүгүшүнө мен да салым кошкум келет.

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойНуркыз Кадырбаева: Йога — ушул чакта менин киреше булагым. Азыр боймун, бала-чакам же бирөө үчүн жооптуу болбогонум үчүн тапканым өзүмө жетиштүү.
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Нуркыз Кадырбаева: Йога — ушул чакта менин киреше булагым. Азыр боймун, бала-чакам же бирөө үчүн жооптуу болбогонум үчүн тапканым өзүмө жетиштүү.

— Табиятыңызга кандай жерлер жакын? Кыргызстанда йога менен машыгууга эң ылайык жер кайсы?

— Албетте, жаратылыштын койнунда машыгууга эмне жетсин! Таза, жапжашыл жерде машыгуу дем алуубузга да пайдалуу. Бирок Бишкекте адамдар жумушунан улам атайын студия, залдарда гана машыгышат. Аба ырайы жакшы болуп турса группаны табиятка да алып чыкса болот. Негизи эле биздин жердин табияты жакшы го, 5-10 мүнөт нары баса койсо, ар ким табитине жараша жер таба алат.

— Кыргызстанда йога кандай деңгээлде?

— Деңгээли жаман эмес. Мыкты машыктыруучулар көп. Мен англис тилинде да йога менен машыктырайын деп жүрөм. Балким ушул багытта азыраак чыгар. Башка улуттагы адамдар көп, мүмкүн алар издеп жүргөндүр. Баса белгилегим келгени, Кыргызстанда жашап туруп, кыргыз тилдүү йога класстары табылбайт. Каалоочулар болгону менен орусча баары түшүнөт деп ушул тилге басым жасай беришет. Айылга барып калганымда же үйдөн ата-энемди машыктырганда кыргызча өтөм. Байкашымча, алда канча сиңимдүү, жеткиликтүү. Ошондуктан жакынкы келечекте ушул жагын да эске алганыбыз оң.

© Фото / предоставлено Нуркыз КадырбаевойЙога машыктыруучусу Нуркыз Кадырбаева: Дүйнөлүк система ушундай экен, адистерди тарбиялашат, анткени алар мамлекет үчүн иштеп берет. Ал эми бактылуу болууну эч бир жерде үйрөтпөйт. Ар бир аткан таңдан, баткан күндөн ырахат алып, сезимдериң менен эсептешип, ар бир нерсени терең туюп, маани бергенге үйрөнсөң, ашыкча улунуп-жулуна бербейсиң.
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Йога машыктыруучусу Нуркыз Кадырбаева: Дүйнөлүк система ушундай экен, адистерди тарбиялашат, анткени алар мамлекет үчүн иштеп берет. Ал эми бактылуу болууну эч бир жерде үйрөтпөйт. Ар бир аткан таңдан, баткан күндөн ырахат алып, сезимдериң менен эсептешип, ар бир нерсени терең туюп, маани бергенге үйрөнсөң, ашыкча улунуп-жулуна бербейсиң.

— Он жылдан кийин өз ордуңузду кайсы багытта көрөсүз?

— Өз чөйрөмдө профессионал адис, бирөөнүн сүйүктүү келинчеги, бактылуу эне, ар дайым изденүүдөн, өнүгүүдөн талыкпаган, ден соолугун чың алып жүргөн, ар убак жаш көрүнгөн, жашоодон азыркыдан да арбын ырахат ала билген инсан катары көргүм келет. Жеке баамымда, адам баласы жашаганды да үйрөнүүгө тийиш. Дүйнөлүк система ушундай экен, адистерди тарбиялашат, анткени алар мамлекет үчүн иштеп берет. Ал эми бактылуу болууну эч бир жерде үйрөтпөйт. Ар бир аткан таңдан, баткан күндөн ырахат алып, сезимдериң менен эсептешип, ар бир нерсени терең туюп, маани бергенге үйрөнсөң, ашыкча улунуп-жулуна бербейсиң. Албетте, акчаны такыр эле унутуп калыңыз дебейм. Бирок азыр желеден ар нерсени көрүп, окуп отуруп, оюбуз чачырап, максаттар башка эле тараптарга бурула баштады. Ушул тапта интернет жашоодон ырахат алууга убакыт калтырбайт. Социалдык медиа бутактарын карасаң, укмуштар сунушталат, анын баары аң-сезимибизге сиңириле берет. Анан аларга жетүүгө умтулабыз. Ал нерселер бизге керекпи, канчалык зарыл — мындай суроолор туулбайт. Эгер биз ошол деңгээлдеги ой жүгүртүүдөн арылсак, турмушубуздун сапаты да жакшырат беле деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0