Электромонтер жумуш учурунда. Архив

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

288
(жаңыланган 15:57 01.08.2020)
Электр энергиясына тиешелүү суроо Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу берилген. Жээнбеков көйгөйдү чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кышында эл жарыксыз жана электр энергиясыз калбай турганын президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Журналист бул суроону Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу берген.

"Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок, тилекке каршы, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, эл аралык маанидеги Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына да суу азыраак келип калды", — деген президент.

Тааныш-билишти жоебуз! Президент кадр тандоонун жаңы ыкмасы ишке киргенин айтты

Ал белгилегендей, былтыркыга караганда суу азыр 2 миллиард 400 миллион кубга аз болуп турат.

"Суу июнь менен июль айларында көп келет. Август айын күтөлү, августтун башы кандай башталат, ошого карап, анан тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзөт. Жакшы үмүт менен жакшы тилек тилеп туралы. Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ага чейин өзүбүздүн мүмкүнчүлүк бар", — деген мамлекет башчы.

Президент кошумчалагандай, эгерде күн жылып суунун келиши көбөйсө, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт.

288
Белгилер:
президент, Суу, суу сактагычы, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: 2021-жылы ишкерлерге өзгөчө көңүл бурулуп, каржылоо көбөйөт
Жээнбеков: 1-классты мектептен окутууну министрге да, премьерге да айттым
Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасында

"Колдоо керек". Чолпонаталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

60
(жаңыланган 16:43 04.08.2020)
Дарыгерлер президент менен жолугушууда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин айтышты.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 7
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат
"Аталган оорукана 1986-жылы курулгандан тартып жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратына капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө имараттын 15 орундуу бир канаты гана иштейт. Оңдолгондон кийин 100 орунга чейин кеңейтилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады. Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү

Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасы медицина кызматкерлери

Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады.

Министрлик: Ысык-Көлгө эл агылган сайын вирус күч алууда

Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болоорун айтты.

"Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат. Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин оюмда", — деди президент.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди.

Анын айтымында, медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү.

60
Белгилер:
айлык-акы, оорукана, дарыгер, медицина, Сооронбай Жээнбеков, Ысык-Көл
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Көлдө көбүрөөк. Өткөн суткада 25 медиктен COVID табылды
Медициналык кызматкерлер. Архив

Медиктерге июль айында 396 млн сом компенсация бөлүнгөн. Облус боюнча тизме

19
(жаңыланган 16:17 04.08.2020)
Өткөн айда ак халатчандарга компенсация катары бөлүнгөн каражаттын көп бөлүгүн Бишкек менен Ош облусунун кызматкерлери алышкан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду июль айында коронавируска каршы турган медиктерге компенсация катары 396 миллион 060 миң сом бөлгөн. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Компенсация облустар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Бишкектеги 3 469 медкызматкерге 103 миллион 5835 сом; 
  • Таластагы 11 саламаттык сактоо мекемесинин 889 кызматкерине 15 миллион 274  сом;
  • Ош шаары менен Ош облусундагы 31 медикке 72 миллион 451 миң  881 сом;
  • Нарындагы 12 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 20 миллион сом;
  • Ысык-Көлдө 28 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 миллион 505 миң 397 сом;
  • Баткендеги 16 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 15 миллион 496 миң сом; 

Нарында медиктердин акысы толук берилбей калдыбы? Штабдын жообу

  • Чүй облусундагы 24 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 38 миллион 915 миң 700 сом; 
  • Жалал-Абад облусундагы 31 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 миллион 080 миң сом;

Төлөмдөрдү берүү дагы улантылып жатканы айтылды.

19
Белгилер:
медик, компенсация, төлөм, фонд, милдеттүү медициналык камсыздандыруу, штаб
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты