ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды. Тизме

Жазылуу
Жыл сайын кыргызстандык бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тест тапшырат. Андан алтын сертификат алгандар үчүн өлкө университеттеринин эшиги ачык. 2020-жылдын эң мыкты бүтүрүүчүлөрү кайсы окуу жайларды тандаганын биздин материалдан билсеңиз болот.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Быйыл Жалпы республикалык тесттен өтүү үчүн 42 миң абитуриент катталган. Анын 67си гана алтын сертифкатка ээ болуп, Кыргызстандын каалаган университетине өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Коронавирус сертификаттарды салтанаттуу тапшырууга жолтоо боло алган жок. Июлда өткөн иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчөлөнө алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, белектерди тапшырган.

Sputnik кабарчысы тесттин жыйынтыгы менен алдыңкы ондукка кирген кыз-жигиттер менен байланышып, кайсы окуу жайды тандап алганын билип көрдү.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы (229)
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы (229)

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы (229) Бишкектеги "Ала-Тоо" эл аралык университетине тапшырды. Ал аталган окуу жайдын жаңы технологиялар факультетин тандап, келечекте IT адиси болууга максат койгон.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТалас облусундагы "Манас Ата-Себат" лицейин аяктаган Нуртилек Тобокелов Жалпы республикалык тестирлөөдөн 228 балл алган
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Талас облусундагы "Манас Ата-Себат" лицейин аяктаган Нуртилек Тобокелов Жалпы республикалык тестирлөөдөн 228 балл алган

Талас облусундагы "Манас Ата-Себат" лицейин аяктаган Нуртилек Тобокелов Жалпы республикалык тестирлөөдөн 228 балл алган. Бүтүрүүчү Борбор Азиядагы Америка университетинин программалык инженерия факультетин тандап алган. Анын ою боюнча, келечекте технология тармагы мындан да өнүгөт. Кийин ал Кыргызстандын IT-секторун өнүктүрүүгө салым кошкусу келерин айтты.

Намыс Идырысов дагы 228 балл топтогон. Ал Ысык-Көл районундагы Эркин Керимгазиев атындагы орто мектепти аяктаган. Жогорку окуу жайлардын арасынан ал "Ала-Тоо" эл аралык университетин, анын ичинде информатика жана эсептөөчү техника факультетин тандаган. Намыстын айтымында, бул кесип кийин акы көп төлөнгөн жумуш табууга түрткү болот жана суроо-талап жогору болгон адистик.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБаткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай лицейин бүтүргөн Чолпон Абдисуханова (228 балл)
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай лицейин бүтүргөн Чолпон Абдисуханова (228 балл)

Ушундай эле адистикти Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай лицейин бүтүргөн Чолпон Абдисуханова да тандап алган. Ал да ЖРТдан 228 балл алган. Бүтүрүүчү маалымат технологиясына 10-класстан тарта эле кызыга баштаганын айтып, кесип тандоодо көп кыйналып, ойлонбогонун кошумчалады.

Тимур Сулайманов борбор калаадагы "Газпром Кыргызстан" мектебин бүтүрүп, ЖРТдан 227 упай топтоду. Ал тандаган университети менен адистигин ачыкка чыгарбай эле коюуну туура көрдү.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОш облусунун Ноокат районундагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айзат Топчубаева (226 балл)
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Ноокат районундагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айзат Топчубаева (226 балл)

Ош облусунун Ноокат районундагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айзат Топчубаева (226 балл) бала кезинен бери дарыгер болууну кыялданган. Максатына жетүү үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) дарылоо иши факультетине тапшырды.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги №12 мектептин бүтүрүүчүсү Наен Пягай (226 балл)
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги №12 мектептин бүтүрүүчүсү Наен Пягай (226 балл)

Бишкектеги №12 мектептин бүтүрүүчүсү Наен Пягай (226 балл) Борбор Азиядагы Америка университетинин психология факультетинин студенти болот. Ал аталган адистиктин келечеги кең экендигин белгиледи.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги Александр Пушкин атындагы № 17 мектеп-гимназиянын бүтүүрүчүсү Асият Рахматова ЖРТдан 225 балл алган
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Александр Пушкин атындагы № 17 мектеп-гимназиянын бүтүүрүчүсү Асият Рахматова ЖРТдан 225 балл алган

Бишкектеги Александр Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Асият Рахматова ЖРТдан 225 балл алган. Сандарды, техниканы жакшы билгендиктен Борбор Азиядагы Америка университетинин программалык инженерия факультетин тандаган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОшол эле университеттин ушундай эле багыттагы факультетинде 225 балл ээ болгон Нурлан Сапармурат да окумай болду
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Ошол эле университеттин ушундай эле багыттагы факультетинде 225 балл ээ болгон Нурлан Сапармурат да окумай болду

Ошол эле университеттин ушундай эле багыттагы факультетинде 225 упайга ээ болгон Нурлан Сапармурат да окумай болду. Аламүдүн районундагы окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүсү бала кезинен информатика боюнча олимпиадаларга катышып келген. Жигиттин айтымында, тандап алган кесиби өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга жардам берет.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги "Давха" мектеп-комплексинин бүтүрүүчүсү Фатима Журабоева (225 балл)
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Давха" мектеп-комплексинин бүтүрүүчүсү Фатима Журабоева (225 балл)

Бишкектеги "Давха" мектеп-комплексинин бүтүрүүчүсү Фатима Журабоева (225 упай) да техникалык кесиптерге ыктап келет. Ал  "Ала-Тоо" эл аралык университетинин прикладдык математика жана информатика багыты боюнча информатика жана инженерия факультетин тандап алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0