Максим Галкин Алла Пугачева менен ажырашты деген кепке жооп берди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиялык алып баруучу Максим Галкин жубайы ырчы Алла Пугачева. Архив
Россиялык алып баруучу Максим Галкин жубайы ырчы Алла Пугачева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда артисттердин үй-бүлөсү эки ача жолго түшкөнү туурасында маалыматтар чыккан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Куудул жана теле алып баруучу Максим Галкин жубайы ырчы Алла Пугачева менен ажырашты деп айтылып жаткан кептерге комментарий берүүдөн баш тартты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Буга чейин социалдык тармактарда артисттердин үй-бүлөсү эки ача жолго түшкөнү туурасында маалыматтар чыккан.

"Менин кыларга ишим жокпу?", — деп жооп берген Галкин "Говорит Москва" радиосуна.

Кийинчерээк ырчынын маалымат атташеси Елена Чупракова ажырашуу тууралуу кеп-сөздү четке каккан.

"Жок, андай болгон эмес", — деп айткан Daily Storm басылмасына берген маегинде.

Максим Галкин менен Алла Пугачева 2011-жылы баш кошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0