Талас облусунун башчысынын велосипедченди сүзүп кеткен кеңешчиси 2 айга камалды

Жазылуу
Toyota 4Runner айдаган киши жолдун четинде велосипед менен келе жаткан жигитти коюп кетип, андан ары токтоп турган жүк ташуучу автоунааны сүзгөн.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жол кырсыгына кириптер болуп бир адамдын өлүмүнө шектелген, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин кеңешчиси Марслатбек Шералиев эки айга камакка алынды. Бул туурасында Sputnik агенттигине Талас облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Талас райондук соту жол кырсыгына себепкер катары шектелген айдоочу Шералиевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал тергөө иштери бүткөнгө чейин Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалат.

Айдоочу мас болгон. Бишкекте автоунаа коюп кеткен экинчи велосипедчи да көз жумду

Эске сала кетсек, 30-июлда Талас облусунун башчысынын кеңешчиси Марслатбек Шералиев автоунаасы менен велосипедчен адамды коюп кетип, ал каза болуп калган.

Милициянын билдиришинче, Toyota 4Runner айдаган 53 жаштагы Шералиев жолдун четинде велосипед менен келе жаткан 23 жаштагы А.А. аттуу жигитти коюп кетип, андан ары токтоп турган Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны сүзгөн.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев ал айдоочу расмий түрдө өкүлчүлүктүн штаттык кызматында иштебегенин айтып, бирок кээде кеп-кеңешин берип турганын билдирген. Ошондой эле ал "афганчы" жана Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) запастагы полковниги экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0