Окумуштуулар: коронавирустун иммундук реакциясы организмди алсыратат

© AP Photo / Kin CheungМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, организм инфекция жуктургандан бир нече мүнөттөн соң вирустан арыла баштайт, ал эми ашыкча күрөшүү оорунун күчөп кетишине алып келет.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Коронавирус өтө күчтүү иммундук жооп аракетин (иммундук реакциясын) кайтаргандыктан инфекция менен күрөшүүгө тоскоолдук жаратат. Бул тууралуу Сан-Франциско университетинин окумуштуулары аныктаганын MedicalXpress басылмасы жазды.

Окумуштуулардын билдиришинче, организм инфекция жуктургандан бир нече мүнөттөн соң вирустан арыла баштайт, ал эми ашыкча күрөшүү оорунун күчөп кетишине алып келет.

Коронавирус беш жерден жугат. Окумуштуулар санап беришти

Ошондой эле окумуштуулар коронавирус адамдын дем алуу системасынан тышкары башка органдарды дагы жабырката турганын аныкташкан. Буга вирустун бетиндеги белок тикендери жардам берет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган. Жонс Хопкинс университетинин соңку маалыматы боюнча, жер жүзүндө коронавирус аныкталгандардын саны 18 017 556га жетсе, каза болгондор 688 351ди түздү. Ал эми 10 649 108 бейтап айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0