Коронавирус жуктурган 4 гана медикке 200 миң сом компенсация төлөндү

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял акчаны санап отурат. Архив
Аял акчаны санап отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө COVID-19 менен күрөшүп жүргөн 2 829 медицина кызматкери оору жуктуруп алганы, ал эми 73 медик каза болгону маалым.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда март айынан бери коронавирус жуктуруп алган медиктердин төртөө гана убадалаган 200 миң сом компенсациясын алды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын башчысы Муктарбек Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, ооруну илештирип алган 40 медицина кызматкери компенсация сурап арыз жазган. Алардын документтерин карап чыгып, бүгүнкү күндө төртөөнө гана берилген. Калганы документтери такталбаганы үчүн кайра артка кайтарылган.

Ал эми коронавирустан каза болгон эки медиктин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөнгөн. Мындан тышкары, комиссия дагы башка учурларды карап жатканы айтылат. 

Бейтапты сактайм деп акка моюн сунгандар. Ак халатчандарды эскерген видео

Белгилей кетсек, 3-августка карата өлкөдө COVID-19 менен күрөшүп жүргөн 2 829 медицина кызматкеринин оору жуктуруп алганы айтылган. Анын ичинен 1853ү айыгып чыккан.

Саламаттык сактоо министрлиги 30-июлга чейин коронавирус дартынан 73 медицина кызматкери каза тапканын билдирген. Анын арасынан 44ү дарыгер.

Жаңылыктар түрмөгү
0