Бишкекте жол куруу боюнча тендерди кытайлык компания утуп алды. Тизмеде 60 көчө бар

Жазылуу
Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгында "Бишкек шаарынын жолдорун оңдоо" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу үчүн конкурс өткөн.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкектин 60 көчөсүнө жол салуу жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн тендерден Кытайдын Сhina Road and Bridge Corporation компаниясы утуп алды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгында "Бишкек шаарынын жолдорун оңдоо" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу үчүн конкурс өткөн.

"Тендердик конкурс Бишкектин дагы 60 көчөсүнө жол салып жана оңдой турган подрядчы компанияны аныктады. Бул иштерди кытайлык Сhina Road and Bridge Corporation корпорациясы аткарат. Жумуш кытай тарап келишимге кол койгондон кийин башталат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин бир нече көчөсү оңдолуп жатат. Тизме

Долбоордун алкагында беш көпүрө курулат, узундугу 70 чакырым жол оңдоо пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0