Өкмөт Кытайдан дагы 78 кычкылтек концентраторун алдырды

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБишкек шаарына чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди
Бишкек шаарына чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чартердик рейс менен жеткирилген жаңы аппараттардын республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынгандыгы маалымдалды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкек шаарына чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты.

Жаңы аппараттардын республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынгандыгы маалымдалды.

Кечээ келип түшкөн медициналык бул аппараттар аймактарга, айылдарга бөлүштүрүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген.

Өкмөттөн буга чейин Кытайдан ар бири 5 литрден болгон 1500 кычкылтек концентратору алып келингенин кошумчалашты.

"Мындан тышкары, өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппарат келери күтүлүүдө. Жалпысынан Кыргызстан Кытайдан 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды", - деп айтылган маалыматта.

Кыргызстанга жардам катары 560 кычкылтек концентратору алынды

Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү боюнча акысыз берилген жардамдар да уланууда. Кечээ, 2-августта, Россиядан 50 миллион рублден ашык суммага кезектеги гуманитардык жардам келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0