Милиция Жалал-Абадда жоголгон эже-сиңдини Баткенден тапты. Кыздардын жообу

© Фото / PexelsӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм кыздар 18-июлдан бери дайынсыз болуп жатышкан. Милиция аларды Кызыл-Кыядан таап, Ноокендеги энесине өткөрүп берген.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Милиция тарабынан изделип жаткан Жалал-Абад облусунун 15 жана 16 жаштагы тургундары, эже-сиңдилер табылды. Бул тууралуу облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, бир туугандар 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө барабыз деп чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кыздарды милиция Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан тапкан. Андан кийин Ноокен районуна алып келип, апасына өткөрүп беришкен.

Ош шаарында жоголгон кыз 25 күндөн кийин Бишкектен табылды

Милициянын билдиришинче, кыздар сурак учурунда Кызыл-Кыядагы тааныштарына кетип калгандыгын билдиришкен.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0