Көлдө көбүрөөк. Өткөн суткада 25 медиктен COVID табылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери. Архив
Медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле учурда өткөн суткада беш медик коронавирусту жеңип, ооруканалардан чыккан. Мындан сырткары, үй карантининен дагы 36 ак халатчандын сакайганы айтылды.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бир суткада өлкө боюнча 25 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID-19 жуктуруп алган медиктердин саны төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары — 2;
  • Ош шаары — 8;
  • Ош облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусунда — 4;
  • Ысык-Көл облусунда — 5;
  • Чүй облусунда — 3.

Ошол эле учурда өткөн суткада беш медик коронавирусту жеңип, ооруканалардан чыккан. Мындан сырткары, үй карантининен дагы 36 ак халатчандын сакайганы айтылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медиктер арасында 2 854 учур катталды. Анын ичинен 1 894ү айыккан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0