Ырчы Асел Кадырбекова. Архив

Сабырбек Жумабеков: ырчы Асел Кадырбекованын абалы жакшырып, үйүнө чыккан

(жаңыланган 13:38 04.08.2020)
Ырчы Кадырбекованын ооруканадан чыгарылганы тууралуу кечээ-бүгүн айтылып баштады. Дарыгер Жумабеков бейтаптын үйүнө жиберилгенине бир жумадан ашканын билдирди.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгынан жаракат алгандан кийин абалы жакшырып, үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Белгилей кетсек, ырчынын ооруканадан чыгарылганы тууралуу кечээтен тарта айтылып баштады. Жумабековдун айтымында, бейтаптын үйүнө жиберилгенине бир жумадан ашты.

Талас башчысынын "кеңешчиси" сүзгөн велосипедчи көз жумду. Мураталиев үн катты

"Күйөөсү ооруканадан чыгарып кеткенине он күндөй болуп калды. Акырегине операция жасалган. Өзү басып, тамак ичип, сүйлөп, абалы алда канча жакшырып калган. Учурда ден соолугун калыбына келтирүү процесси болуп жатат", — деди Жумабеков.

Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган. Анын баш мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып реанимацияга түшкөн

Ал эми Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган болчу.

Белгилер:
операция, жаракат, оорукана, жол кырсык, ырчы, Сабырбек Жумабеков, Асел Кадырбекова
Тема:
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы (10)
Тема боюнча
Катуу сүзүптүр! Ырчы Асел Кадырбекова кабылган кырсыктын видеосу чыкты
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Байтерек Жапаровдун постун Facebook өчүргөнүн танууда

(жаңыланган 18:57 19.04.2021)
Бүгүн Жапаровдун Facebook жана Instagram баракчасындагы "коронавирустан тез сакайта турган дары табылгандыгы" тууралуу посту өчүп калган.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы баракчаларынан уу коргошун жөнүндө билдирүүлөр "тышкы кийлигишүүсүз" алып салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Жапаровдун Facebook жана Instagram баракчасындагы "коронавирустан тез сакайта турган дары табылгандыгы" тууралуу посту өчүп калган.

"Жогоруда көрсөтүлгөн билдирүүлөр "тышкы кийлигишүүсүз" жеке демилге менен алып салынды. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул багыттагы илимий-изилдөө иштерин уланта берерин белгилейбиз", — деди Байтерек.

Ал эми Facebook компаниясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстандын электрондук катына берген жообуна президенттин билдирүүлөрү компания тарабынан атайын өчүрүлгөнүн тастыктады.

"Биз бул постту өчүрүп салдык. Анткени эч бир адамга, анын ичинде шайланып келген жетекчилерге адамдын ден соолугуна түздөн-түз залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо жана алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды жайылтуусуна уруксат бербейбиз", — деп жооп берди Facebook.

Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Белгилер:
Facebook, өчүрүү, пост, Галина Байтерек
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун чуусу: Жапаровдун Facebook тармагындагы посту өчүрүлдү

Сыймыкка бөлөгөн Айсулуудан тарта жанар тоонун атылышына чейин. Апта ирмеми

(жаңыланган 18:53 19.04.2021)
  • Алгачкы адамдын космоско учканынын 60 жылдыгынын урматына Санкт-Петербургда көрүүчүлөр Юрий Гагариндин портретинин проекциясын көрүп жатышат
  • Рамазан айынын алгачкы күнүндө мусулмандар Меккедеги чоң мечитте кечки намазын окуп жатышат
  • АКШнын Бруклин-Сентер шаарынын борборунда өткөн нааразычылык акциясынын катышуучулары полициянын унаасынын капотуна чыгып алышкан. 11-апрелде полиция кыз электрошокердин ордуна тапанчаны алмаштырып алып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн афроамерикалык жаранды атып салган. Бул окуяга нааразы болгондор көчөгө чыгышкан. Миннеаполистин мэри өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин жар салды
  • 12-апрелде Санкт-Петербургда (Россия) 1861-жылы курулган Невская мануфактура имаратында ири өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоо жалмаган аянттын көлөмү 25 миң чарчы метр деп саналууда. Кырсыкты четтетүүдө бир өрт өчүрүүчү каза болуп, дагы үчөө жабыркаган. Өрт дээрлик төрт күндөн кийин толук өчүрүлгөн
  • Көркөмдөп сүзүү боюнча Aquabatix командасынын спортчу кыздары Лондондо коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин кайра ачылган ачык бассейнде машыгып жатышат
  • Бразилиянын Энкантадо шаарында Иисустун айкелин тургузуп жатышат. 43 метрлик Христос-Куткаруучу Рио-де-Жанейродогу белгилүү Христостун айкелинен бир кыйла бийик болот
  • Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Алматыда өткөн Азия чемпионатын жеңип, төтүңчү ирет Азия чемпиону болду. Финалда ал монгол кызын 11:0 эсебинде таза артыкчылык менен утту
  • 15-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонада дарыланып жатышкан бейтаптардан кабар алды. Анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагылардын абалын сурап, дарылануу шарттарын көрдү. Аягында өлкө башчысы дарыгерлер менен баарлашып, көйгөйлөрдү талкуулады
  • Россиянын Кемерово облусунун Шерегеш аймагындагы тоо-лыжа курортунда өткөн GrelkaFest фестивалынын алкагында купальникчендердин массалык жарышына катышкан кыз
  • Германиянын Дуйсбург шаарындагы зоопаркта мышык тукумдуу лемур эшиктен сыртты карап турат
  • Барселонада (Испания) өткөн silent disco сеансына катышкан кыз бийлеп жатат. Тынч бий деген ат менен кеңири популярдуулукка ээ боло баштаган сеанста катышуучулар кулакчындарын тагынып алышып, социалдык аралыкты сактоо менен бийлешет
  • Гвардиячылар Виндзор сепилиндеги ыйык Георгий чиркөөсүндө Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы ханзаада Филипптин сөөгү жашырылган табытты көтөрүп жүрүшөт. Ханзаада Филипп 9-апрелде 99 жашында каза болду
  • Токио Олимпиадасынын талисмандары Мирайва жана Сомэйти спорттук иш чарага 100 күн убакыт калганын белгилеген аземде. Токио Олимпиадасы коронавируска байланыштуу бир жылга жылдырылып, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Бул иш-чара спорттун түрү (33) жана катергориясы (339) боюнча эң масштабдуу болушу керек
  • Исламабадда (Пакистан) чагылган чартылдаган учур
  • Тик учак Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жанданган Инд океанынын Реюньон аралынын үстүнөн учуп өтүүдө
  • Индияда Кумбха Мела жөрөлгөсүндө адамдар Ганг дарыясына түшүп жатышат
  • 15-апрелде КРдин президенти Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин башталгыч стадиясындагы 2-3 күндө айыктыра турган дарыны ойлоп тапканы боюнча билдирүү чыккан. Эртеси күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл тамыры деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү. Аталган чөп тамырынын кайнатмасынын пайдасын көрсөткөн клиникалык изилдөөлөр жок экендигин белгилей кетүү керек. Ал турсун Кыргызстанда уу коргошунду дары катары пайдалангандар арасында өлгөндөр болгон
  • Индонезиянын Бали шаарында өткөн Галунган диний фестивалында кыздар чалынган курмандыктарды алып бара жатышат.
Sputnik Кыргызстан өткөн аптадагы эң кызыктуу жана маанилүү окуяларды чагылдырган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

12-апрелде Юрий Гагариндин космоско учкан күнүнө 60 жыл толду.

Дүйнө мусулмандары ыйык Рамазан айынын башталышын белгилешти.

АКШнын Бруклин-Сентер шаарында полиция кыз электрошокердин ордуна тапанчаны алмаштырып алып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн афроамерикалык жаранды атып алган окуя боюнча нааразычылык акциясы өттү. Миннеаполистин мэри өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин жар салды.

Санкт-Петербургда (Россия) ири өрт кырсыгы катталды. Натыйжада 1861-жылы курулган "Невская мануфактура" имаратынын бардык алты өндүрүш кабаттарын тилсиз жоо жалмаган. Бир өрт өчүрүүчү каза болуп, дагы үчөө жабыркаган.

Бразилиянын Энкантадо шаарында Иисустун айкелин тургузганы жатат. Ал Христостун Рио-де-Жанейродогу белгилүү айкелинен бир кыйла бийик болору айтылат.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча төртүнчү ирет Азия чемпиону болду. Алматыда өткөн мелдештин финалында ал монгол кызын таза артыкчылык менен утту.

Барселонада (Испания) silent disco сеансы кеңири популярдуулукка ээ боло баштады. Анда кулакчын тагынган катышуучулар социалдык аралыкты сактоо менен бийлешет.

Россиянын Кемерово облусунун Шерегеш аймагындагы тоо-лыжа курортунда "GrelkaFest" фестивалынын алкагында купальникчендердин массалык иш-чарасы өттү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонада дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды. Анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагылардын абалын сурап, дарылануу шарттарын көрдү.

Лондондо Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы, ханзаада Филипп 99 жашында каза болду.

Японияда Токио Олимпиадасынын башталышына 100 күн калганын эсепке алган иш-чара башталды.

Индияда "Кумбха Мела" аталышындагы массалык жөрөлгө өттү. Анын жүрүшүндө адамдар Ганг дарыясына түшүшөт.

Инд океанындагы Реюньон аралында Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жанданды.

КРдин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү. Анын айтымында, ал COVID-19 илдетин башталгыч стадиясында 2-3 күндө сакайтат. Буга чейин КРде бул уу коргошунду дары катары пайдалангандар арасында өлгөндөр болгон.

Балиде (Индонезия) Галунган диний майрамы белгиленди.

 

  • Алгачкы адамдын космоско учканынын 60 жылдыгынын урматына Санкт-Петербургда көрүүчүлөр Юрий Гагариндин портретинин проекциясын көрүп жатышат
    © REUTERS / ANTON VAGANOV

    Санкт-Петербургда көрүүчүлөр Юрий Гагариндин портретинин проекциясын көрүп жатышат

  • Рамазан айынын алгачкы күнүндө мусулмандар Меккедеги чоң мечитте кечки намазын окуп жатышат
    © AFP 2021

    Рамазан айынын алгачкы күнүндө мусулмандар Меккедеги чоң мечитте кечки намазын окуп жатышат

  • АКШнын Бруклин-Сентер шаарынын борборунда өткөн нааразычылык акциясынын катышуучулары полициянын унаасынын капотуна чыгып алышкан. 11-апрелде полиция кыз электрошокердин ордуна тапанчаны алмаштырып алып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн афроамерикалык жаранды атып салган. Бул окуяга нааразы болгондор көчөгө чыгышкан. Миннеаполистин мэри өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин жар салды
    © Sputnik / Крис Джун

    АКШнын Бруклин-Сентер шаарынын борборунда өткөн нааразычылык акциясынын катышуучулары полициянын унаасынын капотуна чыгып алышкан. 11-апрелде полиция кыз электрошокердин ордуна тапанчаны алмаштырып алып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөн афроамерикалык жаранды атып салган. Бул окуяга нааразы болгондор көчөгө чыгышкан. Миннеаполистин мэри өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилгенин жар салды

  • 12-апрелде Санкт-Петербургда (Россия) 1861-жылы курулган Невская мануфактура имаратында ири өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоо жалмаган аянттын көлөмү 25 миң чарчы метр деп саналууда. Кырсыкты четтетүүдө бир өрт өчүрүүчү каза болуп, дагы үчөө жабыркаган. Өрт дээрлик төрт күндөн кийин толук өчүрүлгөн
    © REUTERS / ANTON VAGANOV

    12-апрелде Санкт-Петербургда (Россия) 1861-жылы курулган "Невская мануфактура" имаратында ири өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоо жалмаган аянттын көлөмү 25 миң чарчы метр деп саналууда. Кырсыкты четтетүүдө бир өрт өчүрүүчү каза болуп, дагы үчөө жабыркаган. Өрт дээрлик төрт күндөн кийин толук өчүрүлгөн

  • Көркөмдөп сүзүү боюнча Aquabatix командасынын спортчу кыздары Лондондо коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин кайра ачылган ачык бассейнде машыгып жатышат
    © REUTERS / John Sibley

    Көркөмдөп сүзүү боюнча Aquabatix командасынын спортчу кыздары Лондондо коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин кайра ачылган ачык бассейнде машыгып жатышат

  • Бразилиянын Энкантадо шаарында Иисустун айкелин тургузуп жатышат. 43 метрлик Христос-Куткаруучу Рио-де-Жанейродогу белгилүү Христостун айкелинен бир кыйла бийик болот
    © AFP 2021 / SILVIO AVILA

    Бразилиянын Энкантадо шаарында Иисустун айкелин тургузуп жатышат. 43 метрлик Христос-Куткаруучу Рио-де-Жанейродогу белгилүү Христостун айкелинен бир кыйла бийик болот

  • Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Алматыда өткөн Азия чемпионатын жеңип, төтүңчү ирет Азия чемпиону болду. Финалда ал монгол кызын 11:0 эсебинде таза артыкчылык менен утту
    © Фото / UWW / Sachiko HOTAKA

    Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Алматыда өткөн Азия чемпионатын жеңип, төртүнчү ирет Азия чемпиону болду. Финалда ал монгол кызын 11:0 эсебинде таза артыкчылык менен утту

  • 15-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонада дарыланып жатышкан бейтаптардан кабар алды. Анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагылардын абалын сурап, дарылануу шарттарын көрдү. Аягында өлкө башчысы дарыгерлер менен баарлашып, көйгөйлөрдү талкуулады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    15-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонада дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды. Анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан оор абалдагылардын ден соолугун сурап, дарылануу шарттарын көрдү. Аягында өлкө башчы дарыгерлер менен баарлашып, көйгөйлөрдү талкуулады

  • Россиянын Кемерово облусунун Шерегеш аймагындагы тоо-лыжа курортунда өткөн GrelkaFest фестивалынын алкагында купальникчендердин массалык жарышына катышкан кыз
    © Sputnik / Александр Кряжев

    Россиянын Кемерово облусунун Шерегеш аймагындагы тоо-лыжа курортунда өткөн "GrelkaFest" фестивалынын алкагында купальникчендердин массалык жарышына катышкан кыз

  • Германиянын Дуйсбург шаарындагы зоопаркта мышык тукумдуу лемур эшиктен сыртты карап турат
    © AP Photo / Martin Meissner

    Германиянын Дуйсбург шаарындагы зоопаркта мышык тукумдуу лемур эшиктен сыртты карап турат

  • Барселонада (Испания) өткөн silent disco сеансына катышкан кыз бийлеп жатат. Тынч бий деген ат менен кеңири популярдуулукка ээ боло баштаган сеанста катышуучулар кулакчындарын тагынып алышып, социалдык аралыкты сактоо менен бийлешет
    © AP Photo / Emilio Morenatti

    Барселонада (Испания) өткөн silent disco сеансына катышкан кыз бийлеп жатат. "Тынч бий" деген ат менен кеңири популярдуулукка ээ боло баштаган сеанста катышуучулар кулакчын тагынып алып, социалдык аралыкты сактоо менен бийлешет

  • Гвардиячылар Виндзор сепилиндеги ыйык Георгий чиркөөсүндө Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы ханзаада Филипптин сөөгү жашырылган табытты көтөрүп жүрүшөт. Ханзаада Филипп 9-апрелде 99 жашында каза болду
    © AP Photo / Arthur Edwards

    Гвардиячылар Виндзор сепилиндеги ыйык Георгий чиркөөсүндө Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин жубайы ханзаада Филипптин сөөгү жашырылган табытты көтөрүп баратат. Ханзаада Филипп 9-апрелде 99 жашында каза болду

  • Токио Олимпиадасынын талисмандары Мирайва жана Сомэйти спорттук иш чарага 100 күн убакыт калганын белгилеген аземде. Токио Олимпиадасы коронавируска байланыштуу бир жылга жылдырылып, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Бул иш-чара спорттун түрү (33) жана катергориясы (339) боюнча эң масштабдуу болушу керек
    © REUTERS / POOL

    Токио Олимпиадасынын талисмандары Мирайва жана Сомэйти спорттук иш-чарага 100 күн убакыт калганын белгилеген аземде. Токио Олимпиадасы коронавируска байланыштуу бир жылга жылдырылып, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Бул иш-чара спорттун түрү (33) жана категориясы (339) боюнча эң масштабдуу болушу керек

  • Исламабадда (Пакистан) чагылган чартылдаган учур
    © AFP 2021 / AAMIR QURESHI

    Исламабадда (Пакистан) чагылган чартылдаган учур

  • Тик учак Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жанданган Инд океанынын Реюньон аралынын үстүнөн учуп өтүүдө
    © AFP 2021 / RICHARD BOUHET

    Тик учак Питон-де-ла-Фурнез жанар тоосу жанданган Инд океанынын Реюньон аралынын үстүнөн учуп өтүүдө

  • Индияда Кумбха Мела жөрөлгөсүндө адамдар Ганг дарыясына түшүп жатышат
    © REUTERS / DANISH SIDDIQUI

    Индияда "Кумбха Мела" жөрөлгөсүндө адамдар Ганг дарыясына түшүп жатышат

  • 15-апрелде КРдин президенти Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин башталгыч стадиясындагы 2-3 күндө айыктыра турган дарыны ойлоп тапканы боюнча билдирүү чыккан. Эртеси күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл тамыры деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү. Аталган чөп тамырынын кайнатмасынын пайдасын көрсөткөн клиникалык изилдөөлөр жок экендигин белгилей кетүү керек. Ал турсун Кыргызстанда уу коргошунду дары катары пайдалангандар арасында өлгөндөр болгон
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    15-апрелде КР президенти Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин башталгыч стадиясындагы 2-3 күндө айыктыра турган дарыны ойлоп тапканы боюнча билдирүү чыккан. Эртеси күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү. Аталган чөп тамырынын кайнатмасынын пайдасын көрсөткөн клиникалык изилдөөлөр жок экендигин белгилей кетүү керек. Ал турсун Кыргызстанда уу коргошунду дары катары пайдалангандар арасында өлгөндөр болгон

  • Индонезиянын Бали шаарында өткөн Галунган диний фестивалында кыздар чалынган курмандыктарды алып бара жатышат.
    © REUTERS / ANTARA FOTO

    Индонезиянын Бали шаарында өткөн Галунган диний фестивалында кыздар чалынган курмандыктарды алып бара жатышат.

Белгилер:
апта, окуя, Дүйнө, сүрөт, башаламандык, фестиваль, лыжа
Тема боюнча
Купальникчен лыжа тепкен сулуулар. Сочидеги фестивалдан укмуштуу сүрөттөр