Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү

© AP Photo / Pavel GolovkinДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүчү медицина кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо курстары үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Эске салсак, күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатышат. Мында башка адистиктеги дарыгерлер коронавирусту жана пневмонияны дарылоону үйрөнүшөт. Өзгөчө азыр Кыргызстанга  инфекционист, кардиолог, терапевт, лаборант жана эпидемиологдор талап кылынууда.

"Мейли ал стоматолог же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык дарылоого даяр турсун. Алгачкы медициналык-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдорго ылайык дарылоого онлайн-режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу жана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү", — деди өкмөт башчы.

"Колдоо керек". Чолпонаталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

Боронов лаборант жана врачтардын кадрлар резервин сапаттуу даярдыктан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга чейин 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0