Өткөн суткада коронавирустан 11 адам каза болду

© REUTERS / SUMAYA HISHAMМусулман жаназа уюмунун мүчөсү адамдын сөөгүн көмүүгө даярдап турат
Мусулман жаназа уюмунун мүчөсү адамдын сөөгүн көмүүгө даярдап турат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин россиялык врачтар кыргыз медиктеринин коронавирус менен күрөшүүдөгү ишине баа берип, дартты дарылоо жолун жакшы өздөштүрүшкөнүн айткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө ичинде коронавирустун кесепетинен 11 адам каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Нарын, Талас жана Ош облусунда өлүм учурлары катталган эмес.

COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары — 5;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 1;
  • Баткен облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1.
Жаңылыктар түрмөгү
0