Саламаттык сактоо министринин орун басары пневмониядан айыкты. Эртең ишке чыгат

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев. Архив
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Брифингде модератор "министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы кандай, оорусу эмнеге көпкө созулду?" деген суроо узаткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирустан айыкты. Эртең, 6-августта, жумушка чыгат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Брифингде модератор: "Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы кандай, оорусу эмнеге көпкө созулду?", - деген суроо узаткан.

"Нурболот Төлөшевич шаардагы жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып, айыгып чыккан. Эртеңден тарта ал жумушка чыгып, иштей баштайт", — деди Акматова.

Эске салсак, пневмонияга чалдыккан саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов да айыккан. Министр 3-августта жумушка чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0