Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Жазылуу
Кечээ Ливандын борбору Бейрутта көп убакыт катылган заттар жарылып, анын кесепетинен 70тен ашуун киши көз жумуп, миңдеген адам жаракат алды.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ливандын лидери Мишель Аунга Бейрут шаарындагы жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков каза болгондордун жакындарына кайрат айтуу менен бирге, жабыр тарткандардын тез сакайышын каалаган.

Күнөөлүүнү таап чыгам! Ливандын премьери Бейруттагы жарылуу боюнча үн катты

"Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Ливандын борбору Бейрут шаарында болуп өткөн кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз эли көз жумгандардын жакындарына кайрат айтат жана алардын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт. Бардык жабыр тарткандардын тез сакайышын тилейм", — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болуп, соңку маалыматтар боюнча, 70тен ашуун киши көз жумуп, миңдеген адам жаракат алды.

Өлкөнүн премьер-министри Хассан Дияб портто 2750 тонна аммиак селитрасы болгонун айтып, ал дээрлик алты жылдан бери сакталып тура бергенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0