Элчилик: Түркия Кыргызстан менен авиа байланышты жандантты

© AFP / OZAN KOSEСтамбулдагы Ататүрк аэропортунан учуп жаткан учак. Архив
Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан учуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышевдин айтымында, бул каттамдар туруктуу авиа байланышка кирбейт, анткени Кыргызстандын чек арасы ачыла элек.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. "Түрк аба жолдору" компаниясы Стамбул – Бишкек – Стамбул багыты боюнча авиакаттамды жандантты. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады.

Каттамдар аптасына эки ирет жүргүзүлөт. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышевдин айтымында, бул каттамдар туруктуу авиа байланышка кирбейт.

"Бул каттамдар менен Кыргызстандан Түркия жарандары гана учуп кете алышат, ал эми Стамбулдан болсо биздин жарандар гана учуп келишет. Бул аптасына эки жолу жүргүзүлүүчү чартердик каттамдар. Биздин чек аралар март айында жабылган. Ал ачылмайынча биз туруктуу авиа байланышты жанданта албайбыз. Түркия макулдук берген, чек аралар ачылары менен биз туруктуу каттамдарды жандантабыз", - деген  Акышев.

Түркиянын элчилиги билдиргендей, Стамбул – Бишкек каттамына Кыргызстандын жарандарына уруксат берилген. Каттам менен учуу үчүн ПЦР-тест тапшыруу талап кылынбайт, учуп келгенде кыргызстандыктар карантинге жаткырылбайт.

Россия-казак чек арасында чогулган кыргыз, өзбек мигранттары эртең мекенине жөнөтүлөт

Көпчүлүк чет өлкөлүктөрдүн, анын ичинде Түркия жарандарына Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган. Өлкөдөн төмөнкү категориядагы жарандар гана чыгып кете алышат:

  • Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
  • Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн суроо-талабы колдонулган чет өлкө жарандары (өзгөчө W1 жана W2 визасын алып жүрүүчүлөр);
  • Чет өлкө жарандары болуп саналган расмий делегациянын мүчөлөрү;
  • Кыргызстанда жумушчу визасы бар чет элдиктер;
  • Кыргызстандын жарандарынын жакын тууганы болгон чет өлкөлүктөр;
  • Жүк жеткирүүчүлөр;
  • Учкучтар жана айдоочулар.

Бул жарандарга ошондой эле карантин да тиешелүү болбойт.

Эске сала кетсек, ЖАА директору буга чейин чет өлкөлөр менен туруктуу авиа байланыш сентябрь айында жанданаарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0