Бүгүндөн тарта мугалимдер аралыктан окутууга даярдык көрө баштайт

© AFP / JUNG YEON-JEДистанциондук сабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Дистанциондук сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары начар жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын телефон, телевизор менен камсыз кылуу иштерин уюштуруу боюнча аймактарга тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Окуучуларга аралыктан сабак берүүгө даярдануу максатында 5-августтан 25-августка чейин билим берүү мекемелеринде "Санарип мугалим" айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров брифингде маалымдады.

Анын айтымында, бир айлыктын негизинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, педагогдорго вебинарларды өтүп турат.

"Аларга онлайн жана видео сабактарды даярдоо, видео, мультимедиалык материалдарды колдонуу, окуучулар менен кайтарым байланыштуу уюштуруу үйрөтүлөт. Ар кандай платформаларда иштөө боюнча сабактар өтүлүп, үй тапшырманын көлөмү, аларды баалоо ыкмалары боюнча семинарлар уюштурулат", — деди Өмүров.

Министрдин орун басары начар жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын телефон, телевизор менен камсыз кылуу иштерин уюштуруу боюнча аймактарга тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0