Министрлик окуучулардын мектеп формасы боюнча түшүндүрмө берди

Жазылуу
Өмүров министрлик өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен ушундай чечимге келгенин белгиледи. Эске салсак, окуучулар 1-чейректе аралыктан билим алышат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Келе жаткан окуу жылында Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардан окшош мектеп формасын кийүүнү талап кылбайт. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурлан Өмүров брифингде билдирди.

Анын айтымында, министрлик өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен ушундай чечимге келген.

"1-августтан тарта 1-класстын окуучуларынын документтерин кабыл алуу иштери башталды. Ар бир мектеп бөбөктөрдү салттуу же дистанттык түрдө окутуу боюнча мониторинг жүргүзүп, анализ кылат. Бул жумуштар 10-августта аяктайт", — деди Өмүров.

Буга чейин Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева 1-класстын балдарын окутуу тартиби боюнча чечим август айынын ортосунда кабыл алына турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0