ЖМК: Москвадагы кыргызстандык келин наристесин көчөгө эмне үчүн таштагандыгын айтты

© Фото / Pixabay/ PexelsЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык прокуратура билдиргендей, наристе 4-август түнү Студенческая көчөсүндөгү турак үйлөрдүн подъездинен табылган. Бөбөк учурда ооруканада экени айтылды.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Москвада кыргызстандык келин баласын көчөгө таштап кетти. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы маалымат булактарга таянып "Известия" басылмасы жазды.

Ага ылайык, 34 жаштагы кыргызстандык келин бул жоругун кокустан жасаганын айткан. Шаардык прокуратура билдиргендей, наристе 4-август түнү Студенческая көчөсүндөгү турак үйлөрдүн подъездинен табылган.

"Колясканы өтүп бараткандар көрүп калып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Өздүк маалымат булактары билдиргендей, табылган бала 11 айлык. Учурда ооруканада. Наристенин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, маалым каты эле бар", — деп жазылган кабарда.

Москванын райондор аралык прокуратурасы тарабынан текшерүү иштери башталганы маалым болду. Анын жыйынтыгы менен өспүрүмдөрдүн укугун коргоо жана балдарды тарбиялоодо ата-энелик милдеттүү аткаруу иштерине баа берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0