Кыргызстанда коронавирустан дагы 589 бейтап айыкты

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер
Ооруканадагы дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт башчы Боронов жарандардын аяр катмарына мезгилдик сасык тумоого каршы өз убагында эмдөө жүргүзүүнү айткан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда дагы 589 бейтап коронавирустан сакайып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 104
  • Ош шаары – 55
  • Чүй облусу – 84
  • Ош облусу – 98
  • Талас облусу – 15
  • Нарын облусу – 27
  • Ысык-Көл облусу – 76
  • Жалал-Абад облусу – 68
  • Баткен облусу – 62

Жалпы айыккандардын саны — 30 099.

Жаңылыктар түрмөгү
0