Бишкекте жок. Акыркы суткада башка аймактардан 37 медиктен COVID аныкталды

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медицина кызматкери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада беш медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыкса, үй карантининен 34 медик жакшы болуп кетти.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 37 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алар:

  • Ош шаарында – 13;
  • Жалал-Абад облусунда – 13;
  • Ош облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 1.

Россиялык дарыгерлер: кыргыз медиктери COVID-19ду дарылоону жакшы өздөштүргөн

Ал эми бир суткада беш медицина кызматкери ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 34 медик сакайып кетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында  2911 учур катталды, алардын ичинен 1973 медкызматкер айыкты.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0