Жоголгон айдоочулук күбөлүк менен номерди кайра алуунун шарттары өзгөрдү

Жазылуу
Эми айдоочу жоголгон күбөлүгүн кайра даярдатуу үчүн паспорт, ден соолугу, айдоочулук мектепти бүткөндүгү тууралуу маалым кат жана айдоочулук жеке картасын алып барса жетиштүү.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жоголуп кеткен айдоочулук күбөлүктү же автоунаанын мамлекеттик номерин кайра алуунун шарттары жеңилдеди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Тагыраагы, аларды кайра алуу үчүн зарыл болгон документтердин арасынын төмөнкүлөр кыскартылды:

автотранспорт каттоодо турган же мамлекеттик номер жоголгон аймактын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча орган тарабынан номердин жоголгондугу тууралуу маалым кат;

Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо органдары тарабынан кайрылган жарандын айдоочулук укугунан же айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбагандыгы тууралуу маалым кат.

"Унаа" ишканасынын бөлүмдөрү карантинден кийин ачылды. Тизме

Эми айдоочу жоголгон күбөлүгүн кайра даярдатуу үчүн паспорт, ден соолугу тууралуу 083/у формасындагы маалым кат, айдоочулук мектепти бүткөндүгү тууралуу маалым кат жана айдоочулук жеке картасын алып барса жетиштүү.

Ал эми мамлекеттик номерди калыбына келтирүүгө автотранспорттун ээсинин парспорту жана мүлктүн каттоодо тургандыгы тууралуу күбөлүгү гана зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0